Чыныгы мусулман эч качан башка бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз албайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Мусулмандын жаны, мал-мүлкү жана намысы башка мусулман үчүн арам”. Динибизде ар бир мусулмандын укугу корголгон.
Тилекке каршы, учурда биз эч кимге ишене албаган коомдо жашап жатабыз. Коомдук транспортто кетип бара жатсак, баалуу буюмдарыбызды алдырып ийбөөнүн камын жейбиз. Капчык, телефон уурдатуу кадимки көрүнүштөрдүн бирине айланган. Бул биз үчүн трагедия эмей эмне?
Уурулук – Исламдагы эң чоң күнөөлөрдүн бири. Ыйык Куранда мындай деп келет:«Эй ыйман келтиргендер, бири-бириңердин менчигиңерди араңарда туура эмес жолдор менен, тактап айтканда, Ислам арам кылган пайыз, кумар, уурулук жана күч менен тартып алуу сыяктуу туура эмес жол менен жебегиле. Жалгыз гана бири-бириңерге ыраазы боло турган түрдө соода жолу менен болсун» (Куран, 4:29).
Исламда ууру адамдын жазасы катары анын колу кесилет. Аллах Таала Куранда бул тууралуу минтип айтат:«Уурулук кылган эркек же аял кишинин колун кескиле! Бул – Аллахтын жазасы. Аллах Мартабалуу, Даанышман! Ким зулумдук кылган соң, тообо кылып, жакшылык иштерди жасаса, Аллах аны кечирет. Чындыгында, Аллах Кечиримдүү, Боорукер!» (Куран, 5:38-39).
Уурулукка катуу чара көрүлө тургандыгы пайгамбарыбыздын ﷺ көп хадистеринен белгилүү.
“Бир жолу пайгамбарыбыз Махзума аттуу алдамчылык менен алектенип, күрөөгө коюлган буюмдарды уурдаган аялдын колун кесип салууну буйруду. Анын туугандары келип, Мухаммед пайгамбардан ﷺ өкүмдү жокко чыгарууну сурана башташты. Алардын арасында Усама ибн Зайд (р.а) да бар эле. Пайгамбарыбыз ﷺ: «Усама, сен кантип Аллахтын мыйзамдарында шапаат сурайсың?!» деди. Анан элдин алдына чыгып: «Бизге чейин жашаган эл мартабалуу адамдардын уурулугун кечирип, кедейлердин колун кескендиктен жок болушту.
Мейли, бул дүйнөдө уурулук кылган адам табылбай, жазаланбай калаттыр. Бирок Кыямат күнү Аллахтын алдында баары бир сурак берип, кылган иштери үчүн жооп берет. Муну эч качан унутпашыбыз керек!