Канткенде толук бактылуулукка жетебиз?

Бул дүйнөдөгү ар бир адамдын максаты – бактылуу болуу. Бакытка жетүү тууралуу канча китептер жазылды, кинолор тартылды, эксперименттер жүргүзүлдү. Бирок эки дүйнөлүк бактылуулукка жетүү үчүн эч бир изилдөө жардам бере албайт. Чыныгы бактылуулук Исламда. Бактылуулук – бул ыйманга толгон жүрөк, Аллахка тапшырылган жан дүйнө.

Бул макалада бактылуулукка жетүү үчүн айрым кеңештерди сунуштайбыз. Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз.

Ибадаттарыбызды чын жүрөктөн аткаруу менен бактылуу болобуз

Аллахка жакындоо жана ыраазычылыгына жетүү үчүн кылынган ибадат жүрөккө тынчтык тартуулайт. Аллахтын жакын пендеси экендигин сезүү мусулманды бактылуу кылат.

Ыйык Куранда мындай деп келет: “Эркекпи же аялбы ыйман келтирип, изги иштерди жасаса, мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз” (16:97).

Шүгүр келтирүү менен бактылуу болобуз

Кандай абалда болсок да, ар убак Аллах жазган тагдырга шүгүр келтиришибиз керек. Анткени нааразычылык, наалуу эч качан бактылуулук алып келбейт.

Абу Хурайра (р.а) пайгамбарыбыздын ﷺ айткандарын риваят кылат: “Кимге Аллах Таала жакшылык кааласа, анын өмүрүн узун кылат жана шүгүр кылууга күч-кубат берет”.

Аллахка толук таянуу менен бактылуу болобуз

Бардыгын Аллахка ишенип тапшыруу жүрөгүбүздү ушунчалык тынчтандырат. Жаратканга толук таянган адам гана чындап бактылуу болот.

Өзүбүздү башкаларга салыштырбасак, бактылуу болобуз

Эгер айланадагылардын байлыгына, бийлик-мансабына көз артып, ич күйдүүлүк кылсак, кантип бактылуу болобуз? Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Силерден жогору тургандарды эмес, төмөн тургандарды карагыла. Бул – Аллахтын мээримин барктабай койбоо үчүн мыкты каражат”.

Жакындарды кубантуу менен бактылуу болобуз

Күнүгө жакшылык кылууга умтулуңуз. Адамдарга жардам берүү менен эсепсиз соопко ээ болосуз. Ошондой эле жан дүйнөңүзгө дагы бактылуулук келет.

Зайд бин Сабиттен (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Ким бир тууганынын зарылчылыгы менен алек болсо, Аллах Таала анын зарылчылыгы менен алек болот”.

Убакытты туура пайдалануу менен бактылуу болобуз

Эгер жашообузда тартип болсо, көйгөйлөр көп жаралбайт. Убакытты туура бөлүштүрүү (уйкуга, жумушка, окууга, үй-бүлөгө) баарынан маанилүү. Болбосо эч нерсеге жетишпей, тынчсыздануу пайда болот.

Пайгамбарыбыз ﷺ убактысын 3кө бөлгөн: Аллахка сыйынуу үчүн, үй-бүлөсү жана коом үчүн жана өзү үчүн.

Өзүбүзгө жана коомго пайдалуу иш кылуу менен бактылуу болобуз

Кайсы жумушта иштегениңизге маани бериңиз. Өзүңүзгө жаккан, кызыкчылыктарыңызга туура келген иш менен алек болуңуз. Ошондой эле жумушуңуз коомго да пайдасын тийгизгидей болуш керек.

Спорт менен машыксак бактылуу болобуз

Адам ден соолугу чың болгондо гана бактылуу болот. Ал эми ден соолукту сактоо үчүн физикалык активдүүлүк керек. Аз болсо да кыймылдап, дене көнүгүүлөрүн жасап жүрүңүз. Көбүрөөк жөө басууга аракет кылыңыз.

Комментарий жиберүү