Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна толук кандуу мүчө боло алган жок

 Өзбекстандын Самарканд шаарында 11-ноябрда өткөн Түрк мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын кеңешинин саммитинин жыйынтыгында Түркмөнстандын уюмга толук кандуу мүчөлүгү жарыяланган жок.

Буга чейин, 29-сентябрда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Самаркандда өтө турган саммитте Түркмөнстан уюмга толук кандуу мүчө болору күтүлүп жатканын билдирген эле.

“Жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип жатат. Буга чейин байкоочу болгон Түркмөнстан Түрк мамлекеттери уюмунун толук кандуу мүчөсү болот.  Муну менен түрк тилдүү үй-бүлөбүздү толуктайбыз”, – деп айткан ал.

Бирок бул жолку жыйында Түркмөнстандын мүчөлүгү жөнүндө сөз болгон жок. Түрк министринин эки ай мурунку маалыматы эмне себептен ишке ашпай калганы тууралуу маалымат берилэ элек.

Белгилей кетсек, Түркмөнстандын атынан саммитке өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги Бердымухамедов жыйынга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен ардактуу конок катары катышып жатканын кабарлаган.

Эске салсак, уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген аталыш менен 2009-жылы түзүлгөн. 2021-жылдан бери Түрк мамлекеттер уюму деп атала баштады. Уюмга Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамында катышып келет.

Комментарий жиберүү