Кечээ, 4-июлда Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 7 жана 69 жаштагы жаран каза болуп, 14 адам жабыркады.
Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя саат 19:30дар чамасында Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 27-чакырымында орун алып, Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагышкан.


Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилген.
Такталган маалыматтар боюнча, каза болгон жарандар 2015-жылы туулган М.Д. жана 1953 ж.т. А.Ж. аттуу жарандар.