Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 16 адам жабыркады. Сүрөт

Кечээ, 4-июлда Ысык-Көлдө  үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 7 жана 69 жаштагы жаран каза болуп, 14 адам жабыркады.

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя саат 19:30дар чамасында Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 27-чакырымында   орун алып, Honda Odyssey жана Toyota Estima  үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагышкан.

Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун  сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилген.

Такталган маалыматтар боюнча, каза болгон жарандар 2015-жылы туулган М.Д. жана 1953 ж.т. А.Ж. аттуу жарандар.

Комментарий жиберүү