Япония Украинага учкучсуз учактарды жеткирет

Япониянын бийлиги Украинага учкучсуз учактарды ошондой эле химиялык заттардан коргоочу атайын кийим жана беткаптар түрүндө кошумча жардам берүүгө ниеттенип жатат.

“Украина өкмөтүнүн жаңы өтүнүчүнүн негизинде бул өлкөгө химиялык заттардан коргоочу костюмдарды жана беткаптарды, ошондой эле учкучсуз учуучу учактарды жөнөтүү чечими кабыл алынды. Япониянын Коргоо министрлиги жана өзүн-өзү коргоо күчтөрү Украинага мүмкүн болгон максималдуу колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө”, – деп айтылат Япониянын Коргоо министрлигинин пресс-релизинде.

Март айында Япония Украинага ок өтпөс жилеттер, шлемдер, жылуу кийимдер, чатырлар, гигиеналык каражаттар, кургак азыктар, генераторлор түрүндө жардам жөнөткөн.

Белгилей кетсек, Япония Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу Орусияга каршы бир нече санкциялар пакетин киргизген.

Санкция тизмесинде 499 адам, 160тан ашык уюм, анын ичинде 9 ири банк бар.

Япония ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путинге, Тышкы иштер министри Сергей Лавровго, Коргоо министри Сергей Шойгуга, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевге, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовго, Коопсуздук кеңешинин катчысына Николай Патрушевге жана президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковго жеке санкцияларды киргизген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *