28-июнга караган түнү Атлантада (Жоржия) АКШнын тарыхында биринчи жолу шайлоо алдындагы теледебат өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттери Жо Байден менен Дональд Трамптын ортосунда өттү. Байдендин жактоочулары анын сөзүн “саясий табытка кагылган мык” дешсе, трампчылар ал “тарыхтагы эң чоң жеңишке ээ болгонун” жарыялашты. Дебат кантип башталды? Дебаттын катышуучуларына иретке салып алган ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Бири сүйлөй баштаганда экинчисинин микрофондору өчүрүлүп жатты. Дебатты CNN телеканалынын модераторлору көрүүчүлөрсүз атайын студияда өткөрүштү. Ал арада аккредитацияланган кабарчылардын ассоциациясы…
Прочитайте большеDay: June 29, 2024
Орусияда ажырашуу үчүн төлөмдү 8 эсе көтөрүү сунушталды
Орусиянын Каржы министрлиги бир катар мамлекеттик алымдардын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Тиешелүү сунуштар Мамлекеттик Дума тарабынан 20-июнда биринчи окууда кабыл алынган ири өлчөмдөгү салык мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдүн долбооруна киргизилди (түзөтүүлөрдүн тексти РБКнын маалымат почтасында бар). Тиешелүү мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп болжолдонууда. Ошентип, жеке адамдар тарабынан төлөнгөн бир катар алымдар олуттуу түзөтүүлөргө дуушар болот. Мисалы, ажырашуу үчүн төлөмдү 650 рублден 5000 рублга чейин көтөрүү каралууда. Кеп жалпы жашы жете элек балдары жок жубайлар өз…
Прочитайте большеБУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапары менен Кыргызстанга келет
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда. Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат”, –…
Прочитайте больше