Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын “Өз ара аракеттенүү – Антитеррор – 2024” биргелешкен машыгуулары маалымат-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен өттү. Бул тууралуу ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн (РАТС) басма сөз кызматы билдирди. “ШКУнун аймактык антитеррордук түзүм Кеңешинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечимине ылайык, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары “Өз ара аракеттенүү – Антитеррор-2024″ биргелешкен антитеррордук машыгуулар даярдалып, өткөрүлдү”, – деп айтылат маалыматта. Маалыматта белгиленгендей, машыгуулардын жүрүшүндө кибертерроризмге каршы күрөшүү жана…
Прочитайте большеDay: July 23, 2024
2040-жылы Жерде бир миллиардга жакын адам сымал робот пайда болушу мүмкүн
Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск адам сымал роботтордун массалык өндүрүшү 2026-жылы башталарын айтты. Бул туурасында анын Х социалдык тармактагы баракчасында айтылат. Өз кайрылуусунда ал келерки жылы роботтордун чакан партиясы ички колдонуу үчүн чыгарылып, бир жылдан кийин массалык өндүрүш башталарын билдирди. Масктын айтымында, техника жасалма интеллект, ошондой эле компаниянын унааларында колдонулган ар кандай датчиктер менен жабдылат. Адамдын бетинин ордуна монитор орнотулуп, анда пайдалуу маалыматтар чыгып турат. Масктын божомолуна ылайык, 2040-жылы Жер бетинде бир миллиардга жакын мындай роботтор…
Прочитайте большеКамала Харрис президенттик жарышта Байдендин ордун алмаштырууга даяр
АКШнын вице-президенти Камала Харрис Демократиялык партиядан расмий талапкер болууга жана 2024-жылдын ноябрында өтө турган шайлоодо Республикалык партиянын талапкери Дональд Трампты жеңүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Шайлоого катышуудан баш тарткан Жо Байден Харристи президенттикке талапкер катары көрсөтүүнү сунуштаган. Харрис өзүнүн талапкерлиги үчүн Байденге ыраазычылык билдирип, анын президенттик жарыштан баш тартуу чечимин “жан аябас жана патриоттук” деп атады. “Шайлоого чейин 107 күнүбүз бар. Бирге күрөшөбүз. Бирге жеңебиз”, – деди Харрис. АКШнын мурдагы президенти жана мамлекеттик катчысы – Клионтондордун…
Прочитайте большеГазада набыт болгондор 39 миңден ашты. Ал жердеги урандыларды тазалоого эле 10 жыл керектелери айтылды
Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 39 миңден ашканын Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. «Өткөн жылдын 7-октябрынан бери Израилдин агрессиясынын курмандыктарынын саны 39 006га жетип, 89 818 адам жарадар болду», – деп айтылат Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө. Министрликтин билдирүүсүндө ошондой эле Газада акыркы 24 саатта Израилдин кол салууларынан 23 киши каза болуп, 90дон ашууну жаракат алганы белгиленди. 17-июлда Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур Газа тилкесинде болуп жаткан окуялар тарыхтагы эң документтештирилген геноцид экенин…
Прочитайте большеБангладештеги башаламандыкта каза болгондордун саны 150дөн ашты
Бангладеште студенттердин мамлекеттик жумушка алууга киргизилген квота системасынына каршы нааразылык акциясынан кийин башталган башаламандыкта каза болгондордун саны 151ге жетип, 2,5 миңден ашык адам жарадар болду. Бул тууралуу Agence France-Presse полиция жана медициналык маалыматтарга таянуу менен билдирди. Буга чейин 105 адам каза болгону кабарланган. Укук коргоо күчтөрү менен демонстранттардын кагылыштарынын курмандыктарынын арасында полиция кызматкерлери да бар. Өлкөдө коменданттык саат киргизилип, ал 21-июлда кечинде эки саатка гана үзгүлтүккө учурады. Бангладештин Жогорку соту тарабынан жумушка орношуу квотасын жоюу…
Прочитайте большеИран Израилдин Йеменге жасаган соккусун айыптады
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани Израилдин Йемендин Ходейда портуна жасаган аба соккусун айыптап, Израиль жана анын колдоочусу АКШ Газа тилкесиндеги кылмыштардын жана Йеменге кол салуулардын коркунучтуу жана күтүүсүз кесепеттери үчүн түздөн-түз жоопкерчиликтүү экенин айтты. Бул тууралуу Иран ТИМинин расмий сайтында айтылат. Ишемби күнү кечинде Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) анын аба күчтөрү Йемендин батышындагы Ходейда порт шаарына жакын жердеги “Ансар Аллахтын” (хуситтердин) объекттерине акыркы айларда Израилге жасалган жүздөгөн чабуулдарга жооп иретинде сокку урганын билдирген….
Прочитайте больше