Вьетнамда тайфун көпүрөнү кулатып, транспорттор жана адамдар дарыяга агып кетти 

Вьетнамда тайфун көпүрөнү кулатып, транспорттор жана адамдар дарыяга агып кетти 

Өткөн дем алыш күндөрү Вьетнамдын түндүк райондорун каптаган «Яги» тайфуну токтой элек. Дүйшөмбү күнү Пху Тхо провинциясында автомашина  көп каттаган Фонг Чау табигый кырсыкка туруштук бере албай урап түшүп, 10 унаа жана эки скутер Хонг Ха дарыясына кулап түштү. Үч адам куткарылып, 13 адам дайынсыз болууда, деп маалымдайт жергиликтүү бийлик. Узундугу 375 метр болгон көпүрө толугу менен урап калган жок, бирок аба ырайынын начар шартында калыбына келтирүү иштери тууралуу сөз жок. Аскерлерге тез арада калкыма…

Прочитайте больше

Кремль Иран Россияга ракета жөнөтүп жатат деген маалыматка жооп берди

Кремль Иран Россияга ракета жөнөтүп жатат деген маалыматка жооп берди

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Иран Россияга ракета жөнөтүп жатат деген маалыматка комментарий берип жатып, мындай маалыматтар ар дайым эле чындыкка дал келе берберин билдирди. 6-сентябрь эртең менен америкалык басылмалар, анын ичинде CNN өз булактарына таянып, Иран Россияга Украинадагы согуштук операцияларда колдонуу үчүн жакын аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды өткөрүп бергенин кабарлашкан. «Биз бул билдирүүнү көрдүк, мындай маалымат ар дайым эле чындыкка туура келе бербейт. Иран – биздин маанилүү өнөктөшүбүз, биз соода-экономикалык мамилелерибизди, кызматташтыгыбызды жана диалогубузду бардык…

Прочитайте больше

Лавров: Жакынкы Чыгыш ири аймактык согуштун босогосунда турат

Лавров: Жакынкы Чыгыш ири аймактык согуштун босогосунда турат

Жакынкы Чыгыш ири согуштун босогосунда турат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия – Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин министрлеринин жыйынында билдирди. «Жакынкы Чыгыш кайрадан ири аймактык согуштун босогосунда турат жана аны болтурбоо биздин жалпы милдетибиз», – деди ал. Лавров белгилегендей, дүйнөлүк коомчулуктун Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтото албаганы бүткүл Жакынкы Чыгышта: Ливан менен Израилдин чек арасынан Кызыл деңизге чейин аскердик-саясий кырдаалдын кескин начарлашына алып келди. Ошол эле учурда Израиль менен Ирандын…

Прочитайте больше

Тель-Авивде 500 миң киши Газада элдешүүнү талап кылып, көчөгө чыкты

Тель-Авивде 500 миң киши Газада элдешүүнү талап кылып, көчөгө чыкты

Тель-Авивде 500 миңдей адам ХАМАС кыймылы менен элдешүү жана израилдик барымтадагыларды кайтарып берүү талабы менен нааразылык акциясына чыкты. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазып чыкты. Барымтадагы үй-бүлөлөр форумунун эсебинде, 7-сентябрда Тель-Авивде 500 миңдей, өлкөнүн башка шаарларында 250 миңдей адам демонстрацияга чыккан. Басылманын маалыматына караганда, барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрү ар жуманын ишемби күндөрү нааразылык акцияларын өткөрүшөт. Бул жолу биринчи жолу демонстрация бир нече айдан бери Коргоо министрлигинин штабынын алдында өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык акциялары…

Прочитайте больше

Көчмөндөр оюндары: Бүгүнкү күндүн программасы

Көчмөндөр оюндары: Бүгүнкү күндүн программасы

Бүгүн, 9-сентябрда  V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында далба ойнотуу, аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көк пар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, таяк тартыш, кураш, казак күрөшү жана эр эңиш боюнча мелдештер өтөт. Бардык мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө, ал эми финалдык беттештер саат 17:00дө башталат. Эр эңиш боюнча мелдешке Жекшенбек Турдубеков (60 кг), Бактыгул Райхан уулу (70 кг) жана Калыбек Бусурманкул уулу (80 кг) таймашат. Казак күрөшү боюнча килемге эркектер арасында Кемал Оболбеков (55 кг), Тугөл Канатбек уулу (60 кг), Байбол Саламат…

Прочитайте больше

Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды

Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды

Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарганын КР Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий тастыктады. “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Ооганстанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат”, – деп…

Прочитайте больше

Аскар Акаевдин өтүнүчүн Жогорку Кеңеш канааттандырабы?

Аскар Акаевдин өтүнүчүн Жогорку Кеңеш канааттандырабы?

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жиберип,  макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйө келтирген. А. Акаевдин Жогорку Кеңешке кайрылуусу  коомчулук тарабынан соц. тармактарда катуу талкууга алынып жаткандыктан, “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровдун пикирин уккан. Президент аталган агенттиктин суроолоруна жооп берип жатып, Акаевдин бул өтүнүч катына кийлигише албай тургандыгын жана муну Жогорку Кеңеш чечерин билдирди. Эске сала кетсек, Аскар Акаев 2005-жылдагы элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен…

Прочитайте больше

Трамп бийликке келсе, Европада эң чоң кризис болушу күтүлүүдө

Трамп бийликке келсе, Европада эң чоң кризис болушу күтүлүүдө

Эгер  мурдагы президент Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыкса, Европа Экинчи Дүйнөлүк Согуштан берки эң оор коопсуздук кризисинин чордонунда калышы мүмкүн. Бул тууралуу америкалык Foreign Affairs журналы жазды. «Европа (Трамптын жеңиши менен) Экинчи Дүйнөлүк Согуштан бери туш келбеген масштабдагы коопсуздук кризисине кабылууга аргасыз болот», – деп жазат басылма. Ошол эле маалда, журналдын билдирүүсүндө, эгер Кошмо Штаттар аймактагы аскерий жетекчиликти жана мүмкүнчүлүктөрдү адекваттуу камсыз кылбаса, Европанын борборлору «Украина боюнча тез арада бири-бирине каршы чыгышы мүмкүн»….

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы: “Аймактагы чек араларды өзгөртүү – биз үчүн кызыл сызык”

Ирандын ТИМ башчысы: “Аймактагы чек араларды өзгөртүү – биз үчүн кызыл сызык”

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи коңшу өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүнө каршы кандайдыр бир коркунучту же чек араларды кайра чийүүнү Иран үчүн кызыл сызык деп атады. Анын айтымында, түндүктө, түштүктө, чыгышта же батышта болобу, чек араларды кайра сызуу таптакыр кабыл алынгыс жана Иран үчүн кызыл сызык катары каралат. “Аймактагы тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук – бул приоритет гана эмес, улуттук коопсуздугубуздун түркүктөрүнүн бири”, -деп Аракчи өзүнүн X социалдык тармактагы баракчасына жазды. Белгилей кетсек, Иран Азербайжанды Армениянын аймагы аркылуу…

Прочитайте больше

ЮНИСЕФ: Газада 50 миңден ашык бала чала тамактануудан жапа чегүүдө

ЮНИСЕФ: Газада 50 миңден ашык бала чала тамактануудан жапа чегүүдө

ЮНИСЕФтин тамактануу боюнча директору Энтони Лейк Газадагы 50 миңден ашуун бала курч чала тамактануудан жапа чегип жатканын жана алар тез арада дарыланууга муктаж экенин билдирди. Al-Jazeera маалымдагандай, Лейк Газадагы согуш жана гуманитардык муктаждыктарды камсыз кылуу боюнча чектөөлөр тамак-аш жана саламаттык сактоо системасынын толук кыйрашына алып келгенин билдирди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус да өткөн аптада Газа тилкесинде балдарды полиомиелиттен коргоонун жалгыз жолу катары ок атышууну токтотууга чакырган. Ал полиомиелитке каршы эмдөө…

Прочитайте больше

Орусиядан депортацияланган чет элдиктердин саны 50% га өстү

Орусиядан депортацияланган чет элдиктердин саны 50% га өстү

Үстүбүздөгү жылдын жети айында Орусиядан депортацияланган чет элдик жарандардын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50%дан ашык көбөйгөн. Бул тууралуу “Интерфакс” кабарлады. «Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Орусия Федерациясынын аймагынан чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу боюнча 92,8 миң чечим кабыл алынган (административдик чыгаруу жана депортациялоо), бул өткөн жылдын ушул  мезгилине салыштырмалуу 53,2%га көп», – деп айтылат Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын миграция маселелери боюнча бөлүмдөрүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалыматта. Ошондой эле,…

Прочитайте больше

Францияда 80ден ашуун депутат Макронго импичмент жарыялоону талап кылууда

Францияда 80ден ашуун депутат Макронго импичмент жарыялоону талап кылууда

Франциядагы солчул партиялардан куралган “Жаңы элдик фронт” аттуу саясий блогунун 81 депутаты өлкө президенти Эммануэль Макрондун кызматтан кетишин талап кылган резолюция кабыл алды, деп билдирет Franceinfo. Импичмент процедурасын Жан-Люк Меленшондун ультрасолчул партиясы “Багынбаган Франция” тарабынан өлкөнүн Конституциясынын 68-беренесине ылайык демилгеленген. Буга Макрондун Люси Кастени премьер-министрликке дайындоодон баш тартканы себеп болгон. «Президент Эммануэль Макрондун 7-июлдагы шайлоодо жеңген коалициядан премьер-министрди дайындоодон баш тарткандан кийин, резолюциянын авторлору парламенттен президентке импичмент жарыялоо ишин козгоону талап кылышууда», — деп айтылат резолюцияда….

Прочитайте больше

Путин АКШдагы шайлоодо Харристи колдой турганын айтты

Путин АКШдагы шайлоодо Харристи колдой турганын айтты

Путин Чыгыш Экономикалык форумунун пленардык жыйынында Россия АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Камала Харристи азыркы президент Жо Байден сунуш кылгандай колдой турганын айтты. “АКШдагы шайлоодо Орусиянын “фаворити” азыркы лидер Жо Байден болчу, бирок ал шайлоо жарышынан баш тартты. Мен буга чейин эле айткам, биздин “фаворит”, азыркы президент Байден мырза болчу”, – деди орус лидери. Путин кошумчалагандай, Байден президенттик жарыштан баш тарткандыктан, бирок анын бардык тарапташтарына АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер болуп жаткан АКШнын азыркы вице-президенти…

Прочитайте больше

ТИМ кыргызстандыктарды Россияга убактылуу барбай турууну сунуштады

ТИМ кыргызстандыктарды Россияга убактылуу барбай турууну сунуштады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жарандарды Россия Федерациясына убактылуу барбай турууну сунуштады. Тиешелүү билдирүү ведомствонун сайтында жарыяланды. “Россия Федерациясынын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгына байланыштуу, Элчилик Россия Федерациясына кирүү үчүн жүйөлүү негиздери жок болсо, Кыргыз Республикасынын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт”, – деп айтылат маалыматта. Кыргыз жарандары зарылчылык болгон учурда Кыргызстандын…

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара Иранда жайгашкан. Сүрөт

Дүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара Иранда жайгашкан. Сүрөт

Дүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара Ирандын Голестан провинциясынын Гомбеде-Кавус шаарынын борбордук бөлүгүндө орун алган. Ал шаардын аталышындай Гомбеде-Кавус мунарасы деп аталат. Ал 1006-жылы Зияриддер династиясынын башкаруучусу Шамс ал-Маали Кабустун (Кабус ибн Вушмагир) күмбөзү катары курулган. Гомбеде-Кавус миң жылдан ашык тарыхы бар ислам архитектурасынын шедеврлеринин бири жана бышкан кыштан салынган дүйнөдөгү эң бийик имарат деген наамга ээ. Мунаранын бийиктиги 55 метр жана ал бийиктиги 15 метрден ашкан жасалма платформанын үстүндө турат. Мунаранын жалпы бийиктиги 70…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5