Катардын борборунда Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана Израилге кол салуу учурунда “Хамас” тобу тарабынан туткунга алынган барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды, деп билдирет «Казинформ» Би-Би-Сиге шилтеме берүү менен. Америка Кошмо Штаттарынын, Израилдин жана Катардын сүйлөшүүчүлөрү жекшемби күнү Дохада жолугуп, келишимге жетишүү аракеттерин талкуулашмак, деп билдирди CNN дипломатиялык булакка таянуу менен. Бул эки айдан ашык убакыттын ичинде келишимге жетишүү үчүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы. Жекшемби күнү Египет Газадагы барымтадагы төрт израилдик Израилдин түрмөлөрүндө кармалып…
Прочитайте большеMonth: October 2024
Грузиянын парламенти президент менен оппозиция төңкөрүшкө даярданып жатканын билдирди
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили жана оппозициялык партиялар төңкөрүш жасоого негиз даярдоо үчүн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын легитимсиз деп аташууда, деп билдирди парламенттин спикери Шалва Папуашвили брифинг учурунда. “Бул сцена алдын ала даярдалган: шайлоонун жыйынтыгын легитимсиз деп табуу, андан соң техникалык өкмөт түзүү, мунун баары алар багыт алган төңкөрүштүн сценасы. Муну менен алар конституциялык түзүлүштү бузууда. Грузия буга жол бербейт”, – деди саясатчы. Папуашвили шайлоо алдында дагы грузин оппозициясы бейөкмөт уюмдарды тартуу менен парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча…
Прочитайте большеКыргызстандын ТИМи Израилдин Иранга сокку уруусуна байланыштуу билдирүү жасады
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 26-октябрда билдирүү таратып, Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди. Маалыматта Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта экени белгиленет. ТИМдин 26-октябрда тараткан дагы бир билдирүүсүндө Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чатактын курчуп кетүү коркунучуна жана аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну андан ары күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирери айтылат. “Кыргызстан тараптарды мындан…
Прочитайте большеЖМК: Иран Израилдин чабуулу учурунда 20 аскердик объекти талкаланганы тууралуу маалыматты четке какты
Израилдин Иранга жасаган соккусу 20 бутага тийген жана Израилдин 100 согуштук учагы катышкан деген маалыматтар жалган. Бул тууралуу Tasnim агенттиги өз булагына таянып билдирди. Анын маалыматы боюнча, иш жүзүндө сокку урулган буталардын саны 20га да жетпейт. Ошондой эле ал агенттикке сокку өлкөнүн сыртынан жасалганын жана келтирилген зыян «чектелгендигин» ырастады. «Соккуга Израилдин 100 согуштук учагы катышты деген маалымат да толугу менен жалган. Израиль жөн эле өзүнүн алсыз чабуулунун масштабын көбүртүп-жабыртып көрсөтүүгө аракет кылууда», – деп билдирди…
Прочитайте большеАКШ Иранды Израилдин соккусуна жооп бербөөгө чакырды
Америка Кошмо Штаттары Иранды Израилдин азыркы соккусуна жооп бербөөгө чакырат жана жөөт мамлекетинин бул операциясын эки тараптын ортосундагы аскердик тирешүүнүн бүтүшү деп эсептейт. Бул тууралуу америкалык администрациянын жогорку даражалуу өкүлү жума күнү кечинде Израилдин Иранга жасаган соккусуна арналган журналисттер үчүн атайын брифингде сүйлөп жатып билдирди, деп жазат ТАСС. “Израиль менен Ирандын ортосундагы түздөн-түз аскердик соккуларды алмашууга келсек, биз чындап эле бул (жөөт мамлекетинин учурдагы операциясы) түз алмашууну аягына чыгарышы керек деп эсептейбиз”,- деди АКШнын аткаруу…
Прочитайте большеЖМК: Тегерандагы КСИР аскердик борборлоруна чабуул жасалган жок
Азырынча Тегерандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) аскердик борборлоруна эч кандай кол салуу болгон жок. Бул тууралуу Tasnim агенттигине шаарда жардыруулардын үнү угулгандан кийин маалымдалган булактар билдирди. Жардыруулардын үндөрү Ирандын аскердик абадан коргонуу күчтөрүнүн Тегерандын тегерегиндеги үч жерде Израиль аскерлери менен өз ара аракеттенишине байланыштуу болгон. Ал арада баш калаада, анын ичинде Имам Хомейни (РА) жана Мехрабад аэропортторунда абал өз калыбында иштеп жатат. Имам Хомейни эл аралык аэропортунун (IKIA) башкы директору Саид Чаландари аэропорттогу абалдын…
Прочитайте большеИрандын абадан коргонуу күчтөрүнүн билдирүүсү
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү билдирүү жасап, сионисттик режим ишемби күнү кечинде Тегеран, Хузестан жана Илам провинцияларындагы бир катар аскерий борборлорго чабуул жасап, чектелген зыян келтирилгенин кошумчалады. “Ислам Республикасынын расмий адамдарынын кылмыштуу жана мыйзамсыз сионисттик режимге кандайдыр бир авантюристтик аракеттерден качуу боюнча буга чейинки эскертүүлөрүнө карабастан, бул жасалма режим бүгүн эртең менен Тегеран, Хузестан жана Илам провинцияларындагы аскерий борборлордун бир бөлүгүнө чабуул жасады”, — деп айтылат билдирүүдө. Анда өлкөнүн бирдиктүү абадан коргонуу системасы тарабынан кол салуу…
Прочитайте большеИрандын президенти: Улуттук валюталарды колдонуу бардыгы үчүн пайдалуу
Улуттук жана санариптик валюталарды колдонуу ошондой эле Жаңы өнүктүрүү банкынын кубаттуу болушу бардыгы үчүн пайдалуу. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Казанда өткөн БРИКС саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Иран бул биримдиктин туруктуу мүчөсү катары БРИКС саммитине биринчи жолу катышты. “Соода үчүн улуттук валюталарды, жаңы банк платформаларын, санариптик валюталарды колдонуу, Жаңы Өнүктүрүү Банкын жана күтүлбөгөн жагдайлар үчүн резервдик механизмдерди бекемдөө бардыгы умтулуп жаткан жакшы дүйнөнү түзө алат”, – деди Пезешкян. Ирандын президенти БРИКС саммитинин кеңейтилген форматтагы…
Прочитайте большеСадыр Жапаров БРИКС саммитинде: Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз экономикалык тартипти жактайт
Президент Садыр Жапаров 24-октябрда Казань шаарында өтүп жаткан XVI БРИКС+ саммитинин кеңейтилген форматтагы биринчи пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. “Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз эл аралык экономикалык тартипти, дүйнөлүк экономиканын жыргалчылыктарына жана заманбап технологияларга жалпы жеткиликтүүлүктү жактайт. БРИКС трансчек аралык төлөмдөрүнүн альтернативдүү механизмдерин, санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жаңы финансылык инструменттерди иштеп чыгуу, төлөм инфраструктурасын өркүндөтүү регионалдык жана глобалдык масштабда сооданын өсүшүнө жана натыйжалуулугуна өбөлгө түзөт деп ишенем”, – деди Садыр Жапаров. Президент Кыргызстан Жаңы өнүктүрүү банкы менен,…
Прочитайте большеДүйнө лидерлеринин БРИКС саммитинде сүйлөгөн сөздөрү. Урунттуу учурлар
Казанда БРИКСтин XVI саммити аяктады. Саммиттин биринчи күнү, 22-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин биримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү, экинчи күнү БРИКС саммитинин (адегенде тар чөйрөдө, андан кийин кеңири курамда) төрагалык кылып, ал Казань декларациясын кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Саммиттин акыркы, үчүнчү күнүндө “аутрич”/“БРИКС плюс” форматында жолугушуулар болуп, ага биримдик менен кызматташууга кызыкдар болгон мамлекеттердин лидерлери да катышты: Азербайжан, Армения, Беларусь, Боливия, Венесуэла, Вьетнам, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мавритания, Палестина, Конго Республикасы, Тажикстан,…
Прочитайте большеИрандын президенти БРИКСти санкциясыз, согушсуз жана геноцидсиз дүйнө курууга чакырды
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан БРИКСти санкциялардан жана согуштардан эркин жакшы дүйнө курууга чакырды. Иран БРИКС саммитине бул биримдиктин туруктуу мүчөсү катары биринчи жолу катышууда. “Бүгүнкү өз ара байланышта болгон дүйнөдө азыркы системаны реформалоону жана адилеттүүлүккө жана стабилдүүлүккө негизделген кыйла тең салмактуу тартипти түзүүнү талап кылган түпкү өзгөрүүлөр үчүн биргелешкен эрк жана иш-аракет абдан маанилүү. Башкача айтканда, санкциялардын, агрессиянын, согуштардын жана геноциддердин изи да калбаган жер жакшы дүйнө болмок”, – деди Пезешкян Казандагы саммитте сүйлөгөн сөзүндө. Ирандын президенти…
Прочитайте большеХаменеи: ХАМАСтын жана Хезболланын лидерлери Синвар менен Насрулланын эрдиги аймактын тагдырын өзгөрттү
Батыш Азиядагы (Жакынкы Чыгыш ред.) каршылык фронтунун жана анын ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвар менен ливандык Хезболла кыймылынын лидери Хасан Насрулла сыяктуу лидерлеринин күрөшү аймактын тагдырын өзгөрттү. Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Фарс провинциясынын шейиттер фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди. Хезболла кыймылынын лидери Хасан Насрулла 27-сентябрда Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө Израилдин максаттуу аба соккуларында каза болгон. Ал эми ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвар 17-октябрда Израиль армиясынын (ЦАХАЛ) Газанын Рафах шаарында жасаган…
Прочитайте большеЖМК: Илон Маск шайлоочуларды сатып алганы үчүн түрмөгө кесилиши мүмкүн
АКШдагы президенттик шайлоонун алдында эки тарап тең талапкерлердин ортосундагы таймаштан четте калышы мүмкүн болгон шайлоочуларды стимулдаштырууга активдүү аракет кылууда. Бул стимулдаштыруу аракеттеринин айрымдары добуштарды сатып алууга федералдык тыюу салуу сызыгына жакындап калды жана Дональд Трамптын жактоочусу Илон Маск бул мыйзамды бузуп жаткандыгы айтылды. Федералдык мыйзам добуш берүүгө түрткү берүү үчүн төлөмдөргө же чыгашаларга тыюу салат. Маск өз сөзүнө бекер кирүүнү сунуштады, бирок Пенсильванияда добуш бергендерге гана мыйзам бузуу катары каралышы мүмкүн. Бул шайлоодо шайлоочуларга төлөмдөрдү…
Прочитайте большеЛивандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израиль Бейруттагы ооруканага кол салганын билдирди
Израилдин аба күчтөрүнүн Бейруттун түштүгүндөгү эң ири ооруканага жасаган соккусунан кеминде 18 киши каза таап, 50дөн ашууну жараат алды, алардын көбү балдар, деп билдирди Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги. Израиль армиясы бута “Хезболланын” аймактагы объекти болгонун билдирди. Дүйшөмбү күнү “Хезболла” Израилди көздөй ракета атууну улантты, алардын көбү кармалып, калгандары ачык аймактарга зыянсыз кулап түшкөн. Шейшембиде уюм согуштук аракеттер уланып жаткан учурда Израиль менен сүйлөшүүгө барбай турганын жана туткунга түшкөн согушкерлеринин өмүрү жана ден соолугу үчүн Израилди…
Прочитайте больше“Хезболла” Израилдин аскердик базасына чабуул жасады
Ливандын “Хезболла” кыймылы Тель-Авивдин чет жакаларында жайгашкан Израилдин аскердик чалгындоо кызматынын Глилот базасына ракеталык чабуул жасады. Caliber.Az кыймылдын басма сөз кызматына таянуу менен билдиргендей, чабуул жогорку тактыктагы ракеталар менен жасалган. Израил тарап бул чабуулдардын натыйжасында эч кандай аскердик объектилерге зыян келтирилгени азырынча тастыктала электигин, бирок турак жайларга зыян келтирилгенин айтууда. Ливан кыймылынын дагы бир билдирүүсүнө караганда, 23-октябрга караган түнү “Хезболла” Ливан-Израиль чек арасындагы Мискафан конушунда Израиль армиясынын чогулган жерине да ракеталык чабуул жасаган.
Прочитайте больше