Кыргыз элинин тарыхый тагдырындагы эң бир урунуттуу учур — ислам динин кабыл алганы болгон. Ислам динин кабыл алынышы элдин маданиятынын, үрп-адатынын, салтынын өзгөрүшүнө таасирин тийгизген.
Кыргыздар ислам динин биринчи жолу Караханийлер кагандыгынын тушунда кабыл алган. Бул кагандык 10-кылымдын 2-жарымынан 13-кылымдын башына чейин азыркы Кашкар, Түштүк Казакстан, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагын ээлеп турган. Кагандыктын негиздөөчүсү Сатук Буура хан Абд ал-Керим болгон. Ал 940-ж. Кыргыздарды ислам динине өткөргөн. 960-ж. ислам дини Караханийлердин расмий дини катары кабыл алынып, мамлекеттик идеология катары жарыяланган (буга чейин караханийлер теңирчиликке табынган).
1130-ж. Теңир-Тоодо Каракытайлар мамлекети негизделгенде, алар мусулман калкына диний кысым көрсөткөн эмес, бирок алар буддизм динин тутунушкан. Алар менен кошо келген тотемдик ишенимдеги чыгыш түрктөрү шаман (бакшылык), теңирчилик, манихеизм, несториан сыяктуу диндерди тутушкан. Бутпарас дининин бир агымы ламаизди туткандар да болгон.
Албетте мына ушул диний ынанымдардын айрым элементтери биздин ата-бабалардын каада-салттарында ырым- жырым, жөрөлгө, үрп-адат сыяктуу көрүнүштөр менен сакталып калган. Кыргыздар энергиясы күчтүү, азыркыча айтканда аурасы таза, асман менен жерди байланыштырган касиетке ээ жерлерди билип, аларды адамды аруулап, ыйманын тазалоочу ыйык жерге, мазарга айланткан. Андай жерлерге (чоку, булак, күмбөз ж.б.) барып, түнөп кулачын жая тилектерин айтып, сыйынышкан. Көңүлүндө көксөгөн, жетпей жүргөн тилектерин Кудайдан суранышкан.
Илгери кыргыздардын дөбөгө отуруп кеп-кеңеш курушканы да бекер эместей. Анткени андай энергиясы күчтүү жерлер акыл- эске оң таасирин тийгизген. Ошентип кыргыз элинин ар бир жердин ээси, колдоочусу бар деп, ал жерге тооп кылып, табынып- сыйынышы, кан чыгарып мал союшу алардын бир нече диний ишенимде болгонун көрсөтөт. Алсак, мазарга чүпөрөк байлап, отко сыйынуу шаманизмдин белгилери болсо, арча менен аластоо, мазар таюу, жүгүнүү бутпарастыктан калган ырымдар, ар бир жандуунун жана жансыздын колдоочусу, пири болот деген түшүнүк тотемизмдин жана анимизмдин белгилери, ал эми мал союп курмандыкка чалып, куран окуу ислам динине таандык жөрөлгөлөр.
Ошентип, кыргыздардын тарыхый тагдырындагы эң бир урунттуу учур – ислам динин кабыл алганы болгон, элдин маданиятына алгылыктуу таасирин тийгизген. Чыгыш элдеринин маданий цивилизациясынын жакындашуусуна шарт түзгөн. Мезгилдин өтүшү менен айрым ата салттары адепки маанисин жоготуп, маңызын өзгөртүп, жаңы түргө өткөн.
Фото репортаж менен видеолор аркылуу азыркы убактагы Ош шаарында жайгашкан мечиттер менен таанышыңыз.