Түркияда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

 Түркиянын батышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европанын Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) маалымдады.

Жер титирөө UTC убактысы боюнча 01.08де (Москва убактысы боюнча 04.08) катталган. Жер титирөөнүн очогу Дузже шаарынан 14 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Очок алты километр тереңдикте жаткан.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Дузже аймагындагы жер титирөөдөн 22 адам жаракат алганын, алардын биринин абалы оор экенин билдирди.

Ал шаарга керектүү тез жардам бригадалары жөнөтүлгөнүн жана жаңы маалыматтар менен берилерин кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин башчысы Сулейман Сойлу алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн курмандыктар жок экенин билдирди. Аймактагы билим берүү мекемелеринде сабактар   бир күнгө токтотулду.

“Учурда каза болгондор тууралуу маалымат жок. Дузжеде жер титирөө болгон учурда балкондон секирип кеткен оор жаракат алган бир адам бар. Абал тынч”, – деди Сойлу TRT Haber телеканалына берген маегинде.

Комментарий жиберүү