Иерусалимде эки жардыруу болду. Жабыркагандар бар

Бүгүн, 23-ноябрда эртең менен Иерусалимде жарым сааттын ичинде эки жардыруу болду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Автобус аялдамаларында болгон жардыруудан бир адам каза болуп, 22 адам жаракат алган.

Биринчи жардыруу эртең мененки саат жетилер чамасында Иерусалимдин кире бериш жеринде жайгашкан Гиват Шаул районундагы аялдамада болгон. Экинчиси жарым сааттан кийин Рамот районундагы аялдамалардын биринде болгон.

Алды ала берилген маалыматтарга караганда, жардыруучу заттар баштыктарга салынып аялдамаларга коюлган.

Жардыруу боюнча эч кандай топ жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок, “Associated Press” Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС исламчыл кыймылынын өкүлү бул чабуулдарды “баатырдык операциялар” деп атаганын жазды.

Израилдин коопсуздук кызматы окуяны кол салуу катары мүнөздөп, полиция жардырууларга палестиналык радикалдардын тиешеси бар экенин айткан. Учурда тегөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Комментарий жиберүү