Анкара менен Баку биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Анкара менен Баку Түркиянын Армения менен чектеш Карс провинциясында 1-февралдан 12-февралга чейин биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшөт.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын расмий өкүлдөрү 1-12-февраль күндөрү Азербайжан армиясынын катышуусунда өлкөдө өтө турган “эң ири кышкы аскердик машыгууларга” даярдык көрүлүп жаткандыгын жарыялашты.
“Daily Sabah” гезити дагы Түрк армиясы өлкөнүн куралдуу күчтөрү Карс провинциясында кышкы аскердик машыгууга даярданып жатканын билдиргенин жазды.
Түркиянын Армения менен чектеш Карс провинциясындагы “Кыш-2021” машыгуусуна Азербайжан Республикасынын аскер күчтөрү катышат.
Түрк армиясынын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө ылайык, 1-февралдан 12-февралга чейин өтө турган машыгууга брондолгон дивизиялар, танктар, артиллерия, снайперлердин топтору, атайын күчтөрдүн командачылыгы, тик учактар жана атайын күчтөр катышат.
Машыгууда негизинен эки өлкөнүн армиясынын кыш мезгилиндеги катаал аба ырайындагы ыкчам аракетине басым жасалат. Ошондой эле, Түркия жана Азербайжан Республикасы кургактыкта, абада кол салуу, бомбалоо, абада операция жүргүзүү жана материалдык-техникалык жактан колдоо боюнча машыгашат.
Эскерте кетсек, Түркия Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжал учурунда Бакуну колдой тургандыгын билдирген. Армениянын расмий адамдары Тоолуу Карабак аймагындагы акыркы согушка түрк аскерлеринин түздөн-түз тиешеси бар деп бир нече жолу билдиришкен, бирок Баку жана Анкара муну четке кагышкан.

Комментарий жиберүү