Америка Кошмо Штаттарынын президенти Иран Ислам Республикасына карата улуттук өзгөчө кырдаалды дагы бир жылга узарткан билдирүү жасады.
Tasnim News агенттигинин аль-Жазирага шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, АКШнын президенти Жо Байден 5-мартта жасаган билдирүүсүндө, Иранга каршы улуттук өзгөчө кырдаал дагы бир жылга узартылганын билдирди.
“Иран өкмөтүнүн иш-аракеттери жана саясаты Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна, тышкы саясатына жана экономикасына чоң коркунуч туудурууну улантууда”, – деди Байден.
Ал мындай деп кошумчалады: “Демек, Билл Клинтондун тушунда 1995-жылы 15-мартта биринчи жолу жарыяланган Иранга карата улуттук өзгөчө кырдаал 2021-жылдын 15-мартынан кийин кайра ишке ашырылат.”
Ак үйдүн расмий сайты билдиргендей, Жо Байден бул билдирүүнү Конгресске тапшырды.
Белгилей кетсек, Иранга каршы өзгөчө кырдаалды жарыялоо 1979-жылы 14-ноябрда [АКШнын Ирандагы тыңчылык уясы оккупацияланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин] башталган жана андан бери уланып келе жатат.
Эске салсак, АКШнын президенти Жимми Картер 1979-жылы 14-ноябрда Тегеранда америкалык тыңчылардын уясы кармалгандан 10 күн өткөндөн кийин, АКШнын аймагындагы Ирандын бардык мүлкүн камакка алуу жөнүндө буйрук чыгарган.
Ал эми Билл Клинтондун администрациясы тарабынан 1995-жылдын 15-мартында Ирандын мунайзат менен иштешине тыюу салган 12957-буйрук чыгарылган.