АКШ президенти Иранга каршы улуттук өзгөчө кырдаалды дагы бир жылга узартты

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Иран Ислам Республикасына карата улуттук өзгөчө кырдаалды дагы бир жылга узарткан билдирүү жасады.

 Tasnim News агенттигинин аль-Жазирага шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, АКШнын президенти Жо Байден 5-мартта жасаган билдирүүсүндө, Иранга каршы улуттук өзгөчө кырдаал дагы бир жылга узартылганын билдирди.
“Иран өкмөтүнүн иш-аракеттери жана саясаты Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна, тышкы саясатына жана экономикасына чоң коркунуч туудурууну улантууда”, – деди Байден.
Ал мындай деп кошумчалады: “Демек, Билл Клинтондун тушунда 1995-жылы 15-мартта биринчи жолу жарыяланган Иранга карата улуттук өзгөчө кырдаал 2021-жылдын 15-мартынан кийин кайра ишке ашырылат.”
Ак үйдүн расмий сайты билдиргендей, Жо Байден бул билдирүүнү Конгресске тапшырды.
Белгилей кетсек, Иранга каршы өзгөчө кырдаалды жарыялоо 1979-жылы 14-ноябрда [АКШнын Ирандагы тыңчылык уясы оккупацияланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин] башталган жана андан бери уланып келе жатат.

Эске салсак, АКШнын президенти Жимми Картер 1979-жылы 14-ноябрда Тегеранда америкалык тыңчылардын уясы кармалгандан 10 күн өткөндөн кийин, АКШнын аймагындагы Ирандын бардык мүлкүн камакка алуу жөнүндө буйрук чыгарган.
Ал эми Билл Клинтондун администрациясы тарабынан 1995-жылдын 15-мартында Ирандын мунайзат менен иштешине тыюу салган 12957-буйрук чыгарылган.

Комментарий жиберүү