КМШда адам укуктары боюнча комиссия түзүлөт

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин маалымат борбору уюмга мүчө мамлекеттер “Шериктештиктин адам укуктары боюнча комиссиясын” түзүүгө чечим кабыл алышканын билдирди.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, комиссия түзүү боюнча уюмдун эксперттер тобунун жыйыны Беларуссиянын борбору Минск шаарында болуп өттү.
Ал эми бул маселени карап чыгуу боюнча видеоконференцияга Армения, Беларусь Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана шериктештиктин Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө аталган комиссиянын түзүлүшү жана иш алып баруусу боюнча кеңири талкуу жана пикир алмашуу болду.
Аталган комиссия иштеп баштаса Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде адам укуктары жаатында конвергенттик өз ара аракеттенүүнү түзүүгө, уюмдун а дам укуктарын коргоо жаатында мурдагы Советтер Союзундагы ири эл аралык уюмдардын бири катары беделин бекемдөөсүнө жана адам укуктары маселелерин саясатташтыруу боюнча аракеттерди токтотууга жардам берери айиылды.
Жыйындын катышуучулары шериктештиктин Адам укуктары боюнча комиссиясынын уюштуруу, иш алып баруу жана каржылык маселелерин карап чыгуу жана аягына чыгаруу зарылдыгын белгилешти.
Белгилей кетсек, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) мурдагы Советтер Союзу кулагандан кийин түзүлгөн. Уюмду негиздөө борюнча декларацияга 1991-жылы 21-декабрда Алматы шаарында Азербайжан, Армения, Беларусь Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украинанын лидерлери тарабынан кол коюлган.

Комментарий жиберүү