Иран уранды 60% байыта баштады

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Иран Натанз шаарындагы өзөктүк объектте  уранды 60%га чейин байыта баштагандыгын тастыктады.

Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги МАГАТЭнин билдирүүсүнө шилтеме берип маалымдайт.

16-апрелде Ирандын вице-президенти, атом энергиясы боюнча уюмунун жетекчиси Али Акбар Салехи өлкө бийлиги уран тазалоону 60% га чыгарганын, 9 грамм уран байытыла баштаганын билдирген.

Иран уранды 60%га чейин байытуу ниетин 11-апрелде Натанздагы өзөктүк объекттеги авариядан кийин жарыялаган. Уран байытуучу заводундагы авариядан улам электр бөлүштүрүүчү түйүнү иштебей калган. Тегеран бул окуяны теракт деп атаган, ал үчүн Израилди айыптаган.

Иран бийлиги бул окуя уранды байытууну токтотууга алып келбегенин жана иштен чыккан жабдуулар жакында жаңылары менен алмаштырыларын билдирген.

Ирандын президенти Хасан Рухани уранды 60%га чейин байытууну баштоо чечими Израилдин Натанздагы диверсиясына жооп катары көрүлгөнүн билдирип, уранды байытуу тынчтык максатында жана МАГАТЭнин көзөмөлү астында жүргүзүлөрүн белгилеген.

АКШнын президенти Жо Байден Ирандын уранды 60% га чейин байытуу чечимине нааразы болгонун айтты. “Мындай кадам көйгөйдү чечүүгө салым кошпойт”, – деп билдирген ал Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында.

Комментарий жиберүү