Натанздагы аварияны ким жасаган?

Натанздагы аварияны жасаган деп айыпталуучу өлкөнүн аба чек арасынан качып кетти.

Eurasia Today агенттигинин ирандык ЖМКаларга шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Ирандын Натанз өзөктүк заводунда авария уюштурган деп айыпталуучу өлкөнүн аба чек арасынан качып кетти.

Бул  тууралуу Ирандын Ислам Консультативдик Ассамблеясынын Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комиссиясынын коопсуздук комитетинин башчысы билдирди.

Белгилей кетсек, Натанздагы уран байытуу комплексиндеги авариянын күнөөкөрүнүн сүрөтү биринчи жолу Иран Ислам Республикасынын Биринчи каналында жарыяланды.

Чалгын министрлиги бул адамдын ысымын Реза Карими деп жарыялады жана ал Натанз окуясына чейин өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди.

Коопсуздук комитет Реза Кариминин ишин козгоо тууралуу мындай деди: “Айыпталуучуну сот жообуна тартуу процесси жөнүндө тиешелүү мекемелер жана Интерпол полициясы аркылуу аны камакка алууга жана өлкөгө өткөрүп берүүгө жардам бере турган мыйзамдуу кадамдарды аткарышыбыз керек. Бул адам сөзсүз түрдө оор чыгымын төлөп бериши керек.”

Эске салсак, 13-апрелде Натанз уран байытуу комплексинин электр орнотуу бөлүмүндө диверсиялык операция болуп, комплекстин ишин үзгүлтүккө учуратып, анын бөлүктөрүнө зыян келтирген.

Бул окуядан кийин Иран Ислам Республикасы 60% уранды байыта баштай тургандыгын жарыялаган жана бул иш-чара 17-апрелде жума күнү таңга маал болуп, 60% байытылган урандын биринчи продукциясы алынган.

Комментарий жиберүү