Орусияда Кыргызстандын 115 миң жараны мыйзамсыз түрдө жашашат

Орусия КМШ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз мигранттарын алып келүүнү талап кылды.

Орусиянын Ички иштер министрлиги КМШ мамлекеттеринен өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жарандарынын 15-июнга чейин чыгып кетишин талап кылууда.

Бул тууралуу Шериктештиктин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында департаменттин башчысынын орун басары Александр Горовой билдирди.

Ички иштер министрлигинин статистикасы боюнча, бүгүнкү күндө Орусияда Өзбекстандан 332 миңден ашуун, Тажикстандан 247 миң, Украинадан 152 миң, Азербайжандан 120 миң, Кыргызстандан 115 миң,  Армениядан 61 миң, Молдовадан 56 миң  жана Казакстандан 41 миң легалсыз мигранттар бар.

Александр Горовойдун айтымында, ушул жылдын 15-июнуна чейин президенттин жарлыгында айтылгандай чара көрүлбөсө, анда бул адамдар чек аралардан чыгарылып, же башкача жазаланышат.

 Ал ошондой эле үгүт иштерине жалпыга маалымдоо каражаттарын, блогерлерди иштешүүгө чакырганын РИА Новости жазды.

 Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айынын ортосунда Президент Владимир Путин өзүнүн жарлыгы менен мигранттардын коронавируска байланыштуу Орусияда убактылуу жашап туруу мөөнөтүн 2021-жылдын 15-июнуна чейин узарткан.

Комментарий жиберүү