Сирияда президенттик шайлоо өтөт

Сирияда президенттик шайлоо 26-майда өтөт.

Eurasia Today агенттигинин маалыматына ылайык, 26-майда өтө турган Сирия президенттигине талапкерлерди көрсөтүү 19-апрелде башталмакчы.

Тийиштүү чечим Араб Республикасынын Элдик Кеңеши (Парламент) тарабынан кабыл алынды.

Берилген маалыматтарга караштуу, Сириядагы жарандар үчүн президенттик шайлоо 26-май, шаршемби күнү өтсө, Сириянын чегинен тышкары жүргөн сириялык жарандар үчүн шайлоо дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагында 20-майда өтөт.

Ал эми талапкерлерди каттоо дүйшөмбү күнү, 19-апрелде башталат жана он күнгө созулат – деп айтылат парламенттин отурумунда жарыяланган чечимде.

Эске салсак, буга чейинки Сириядагы президенттик шайлоо 2014-жылы альтернативдик негизде өткөн. Добуш берүүгө өлкөнүн жарандарынын 73,5%ы катышкан. Андан кийин  Араб Социалисттик Кайра Жаралуу партиясынын лидери Башар Асад жеңип, аны шайлоочулардын 88,7%ы колдогону аныкталган.

Сириянын кабыл алынган 2012-жылкы Конституциясы президенттик кызматты эки жыл катары менен эки жылдык мөөнөткө чектейт.

Комментарий жиберүү