Ач карынга эмнелерди жегенге болбойт?

Диетологдор ач карынга жегенге өтө кооптуу болгон тамактарды тизмектешти.

Эртең менен суу ичүү адаты пайдалуу экени белгилүү, бирок, адистердин айтымында, муздак суу ичүүгө болбойт. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт.

Ашказан оорусу менен жабыркагандарга жана жүрөк-кан тамыр системасында көйгөйү барларга ач карын муздак суу ичүү сунушталбайт. Ал эми дайыма 65 градустан жогору температурада суу ичүү кызыл өңгөчтүн былжыр челине зыян келтирет жана кызыл өңгөчтүн бир нече жолу күйүшү аномалдуу клеткалардын пайда болушуна алып келип, акыры ракка айланып кетет.

Окумуштуулардын айтымында, кофе ашказандагы кислотанын өндүрүлүшүн көбөйтөт, ошондой эле ашказандын былжыр челин стимулдайт, бул жүрөк айлануу жана зарна болууга себеп болот. Ичеги-карындын кыжырдануу синдрому барлар кофе ичсе ашказандын тамак сиңирүүсү бузулат.

Ошондой эле, эртең менен ач карынга ун азыктарынан жасалган тамак-аштарды жегенге болбойт. Диетологдор бул азыктарды “семирүүгө түз жол” деп аташат. Ошондой эле инсулинди көбөйтүшү мүмкүн.

Эртең менен суу ичүү адаты ден-соолукка пайдалуу экени белгилүү. Бирок, ач карынга суу ичүү сунушталбайт, анткени ач дене бул сууну тамак катары кабыл алып, инсулиндин олуттуу көлөмүн чыгара баштайт. Мындан тышкары, кычкыл мөмө-жемиштерди дагы ач карынга жесе болбой турганы баса белгиленет. Анткени, аларда кислоталар бар жана ач карынды күйгүзүп жибериши мүмкүн.

Комментарий жиберүү