Суроо: Фитр садакасынын мааниси кандай? Кимдер фитр берүүсү керек?
ЖООП
Керектелип жаткан буюмдан жана карыздарынан артык зекет нисабынчалык мал-мүлкү, акчасы болгон мусулмандын фитр берүүсү важиб болот. Нисабга ээ эмес болсо фитр берүү важиб болбойт, бирок, берсе жакшы болот. Хадиси шарифте айтылган:
“Фитр садака байларыңарга тазкийа. (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.) Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд]
“Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фитр садака берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс]
“Фитр садака орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон күнөөлөрдү тазалайт.” [Байхаки]
Калган үч мазхабда бир күндүк жей турган тамагы бар адамдын фитр садкаберүүсү парз. Хадиси шарифте: “Фитр садаканы чоң-кичине, бай-кедей баарынын берүүсү керек”, – деп буюрулган. (Абу Давуд)
Дин боюнча бай эмес ар бир адам фитр, зекет ала алат. Керектөөсүндө болгон буюм жана карыздарынан артык зекет нисабынчалык мал-мүлкү, акчасы бар мусулмандын фитр берүүсү важиб болот. Фитр, зекет алуусу харам болот. Фитр нисабына кошула турчу мал-мүлктүн соода үчүн болуусу шарт болбогондой эле колунда бир жыл калган болуусу да керек эмес. Оору сыяктуу кандайдыр бир себептен улам орозо кармай албаган адам да бай болсо фитр берүүсү керек.
Соода үчүн болбогон мал-мүлктүн зекети берилбейт. Түшкөн пайдасы нисабга кошулат.
Нисабга ээ эмес ар бир адам кедей деп эсептелет, зекет ала алат. Нисабга ээ болсо фитр берүүсү важиб болот. Минималдуу айлык алган адам карыздары чыккандан кийин нисабга ээ болсо бай болуп эсептелет, фитр берүүсү керек. [Нисаб 96 грамм алтын же ошонун баасындай акча, соода мал-мүлкү дегенди билдирет.]
Фитр садакасы Рамазан айында берилет. Рамазандан мурда жана Айттан кийин берилүүсү жаиз болгону менен Айт намазынан мурда берилген болуусу көбүрөөк сооптуу. Шафииде Рамазандан мурда берилбейт. Айттан кийинкиге да калтырылбайт.
Эне-атага, чоң атага, чоң энеге, балага, небереге, аялына жана мусулман эмес адамга фитр берилбейт. Кедей болуу шарты менен келинге, бир тууганга, атасынын кыз жана эркек бир тууганы, апасынын кыз жана эркек бир тууганы сыяктуу туугандарга, күйөө балага, кайненеге, кайнатага, кайын ини-карындашка, өгөй балага берүүгө болот. Эгер салих болушса жакын тууганга берүү артык сооптуу. Имамейнге карата карызы бар жана кедей адамга аялы фитр бере алат. (Макуфат)
Фитр садаканын өлчөмү өзгөрбөйт. Бир кишинин фитр садакасы катары ар күн эмес бир ай үчүн жарым саъ буудай же ун же болбосо бир саъ арпа, хурма же жүзүм мейизи берилет. Жарым саъ өлчөмү этияттап алганда 1750 грамм. 1750 грамм буудай же ун же болбосо 3500 грамм арпа, жүзүм мейизи же хурма берилет. Же бул азыктардын өзүн же баасынчалык алтын же күмүш берүү керек. Буудай, ун же калгандарын берүү кыйын болсо булардын баасынчалык нан, жүгөрү же кагаз акча да берүүгө болот. Ар жылы “Бул жыл фитр канча сом?” деп суроонун кажети жок.
Фитрди көпчүлүктүн сөзүнө уюп алтын же күмүш берүү керек. Буларды берүү кыйын болсо башка мал-мүлктөн же кагаз акча бербестен жарым саъ, б.а., (1750 грамм) буудай же ун бериш керек. Буудай, ун берүү да кыйын болсо булардын баасынчалыкнан же жүгөрү берсе болот.
Бир адам жанында жашаган эне-атасынын жана акыл балакатка толгон уулунун фитр садакасыналардын кабары жок берсе кийин билдирүү шарты менен жаиз болот. Башкалардыкын болсо алар бер демейин бере албайт. Сапардагы адамдын да нисабга ээ болсо фитр берүүсү керек.