Кимдердин дубасы макбул

Суроо: Кайсы кишилердин дубалары макбул (б.а., дубасы кабыл болгон кишилер кимдер)?

ЖООП

Ажылардын, мужахиддердин, дарттуулардын, оорулуудардын, карыптардын, зулум көрүп жаткандардын, жолчулардын, эне-атанын, балээ келүүдөн мурда дуба кылгандын, көп зикир кылгандын, мусулмандыкта чачтарын агарткандын, орозолуунун, салих аалымдын жана адилеттүү башкаруучунун дубалары кабыл болот.

Хадиси шарифтерде мындай делүүдө:

«Ушул төрт дуба кайтарылбайт: Дин боордошу жок кезде анын артынан кылынган дуба. Сакайганга чейин оорулуунун, кайтканга чейин ажылыкка жана жихадга кеткендин дубасы.» [Дайлами]

«Дарттуунун дубасын олжо деп билгиле.» [Абушшейх]

«Орозолуунун дубасы кайтарылбайт.» [Тирмизи]

«Ушул үч кишинин акысын мунафвк киши гана төмөн көрөт: Ислам жолунда чачын агарткан, илим ээси жана адилеттүү башкаруучу.»[Хатиб]

«Ушул үч кишинин дубасы кайтарылбайт: Көп зикир кылгандын, мазлум жана адилеттүү башкаруучу.» [Байхаки]

«Ушул үч кишинин дубасы кабыл болот: Эне-ата, жолчу жана зулумдук көргөн.» [Ибни Мажа, Абу Давуд, Тирмизи]

«Кыйынчылыкта дубасынын кабыл кылынуусун каалаган адам ырахат кезинде көп дуба кылсын!» [Тирмизи]

«Дубанын кабыл болуусу үчүн эки нерсе керек: Дуба ихлас менен кылынуусу керек. Жегени жана кийгени адалдан болуусу керек. Бөлмөсүндө харамдан бир жиптик бар болгондун ал бөлмөдө кылган дубасы кабыл болбойт.»[Таргибус-салат]

«Дуба кылгандын же күнөөсү кечирилет же дароо кайырлуу жообун көрөт же акыретте сыйлыгын табат.» [Дайлами]

Комментарий жиберүү