Коронавирус эпидемиясы климатка кандай жакшы таасир берди?

Эпидемиядан улам Гималайдагы карлардын эриши жайлады.
Эл аралык климатологдор тобу 2020-жылы Гималайдын тоо этектериндеги мөңгүлөрдүн жана карлардын эриши Индияда өнөр жай жана автоунаалар бөлүп чыгарган чаңдын көлөмүнүн 30% азайгандыгына байланыштуу кескин басаңдагандыгын аныкташты. Изилдөөчүлөр, абанын тазаланышы кардын эришин кескин басаңдатып, эриген суунун көлөмүн болжол менен 6,55 кубометрге азайтканын белгилешкен.
Ошондой эле коронавирустук инфекциянын Кытайга, андан кийин бүткүл дүйнө жүзүнө жайылышы ондогон өлкөлөрдө өнөр жай өндүрүшүнүн, унаа трафигинин жана башка көптөгөн булактардын кескин төмөндөшүнө алып келген. Натыйжада аба тазаланып, климатка кыйла оң таасирин тийгизген.
Эске салсак, илимпоздор өткөн жылы жайында жүргүзгөн бул төмөндөөнүн алгачкы байкоолору, күнөскана газдарынын бөлүнүп чыгышы 2019-жылдын кышына жана эрте жазына салыштырмалуу болжол менен 17% га азайгандыгын билдиришкен.
Жалпысынан, 2020-жыл бою көмүр кычкыл газынын жыл сайын чыгарылышынын массасы болжол менен 2,4 млрд. тоннага азайган (7%), бул рекорддук эң чоң көрсөткүч.
Ошентип, эпидемия чындыгында кардын жана муз катмарынын тазалыгына чоң таасирин тийгизгени белгилүү болду.
Тагыраак айтканда, тоолордун бетиндеги чаң бөлүкчөлөрүнүн саны 2020-жылдын жаз мезгилинде болжол менен үчтөн бирине азайган. Бул өз кезегинде, муздун жана кардын эришин кескин басаңдатат.
Эстеп көрсөк, коронавирус эпидемиясы жаңы башталганда бул вирус “Билл Гейтстин” атайын программасы экени жана калктын аярлуу, алсыз катмарларын азайтуу менен климатка жакшы таасир берүү максатында даярдалганы боюнча маалыматтар кеңири тарап кеткен.
Негизинен табияттын тазалыгын сактап калуу үчүн адам баласы кандай чараларды көрүү керек?

Комментарий жиберүү