Даанышман заттар айтышат:
Акыл акыретти, көз болсо дүнүйөнү көрөт.
Адал акча менен тамактанган денеге ибадат кылуу жеңил болот.
Аллаху таала сүйгөн кулуна эки нимат берет:
Ага сүйүктүү затын таанытат жана кайырлуу иш насип кылат. Дагы көп сүйө турган болсо түрдүү кыйынчылыктарды берет.
Эмр-и маруф кылгандар (адамдарды жакшылыкка үндөгөндөр) сүйүктүү жана жоомарт болуулары, о.э., мындан эч бир пайда күтпөөлөрү керек.
Калк баа берген нерселерге гана баа берген адамдын баасы жок. Аллаху таала баалаган нерселерге баа берген адам баалуу, азиз. Аллаху таала азиз кылган адамды эч ким залил кыла албайт (б.а., төмөндөтө албайт)
Адам жаш кезинде шахваттын (кумардын), карыган кезде шухраттын (атак-даңктын) туткуну болот.
Ортодогу таарынычтар кызматтарга тоскоол болот.
Олуя кулдардын химматы жаадан чыккан окту артка кайтарат. Олуяны сүйгөн адамга ушундай кубаттуу химмат келет.
Тасаввуф – бул убакытты эң жакшы пайдалана билүү жана эч кимдин көңүлүн оорутпоо.
Кимде ким тамак жеп жатканда Аллаху тааланы канчалык көп эстей турган болсо, намаз окуп жатканда да ошончолук эстейт. Көңүлүбүздү Аллахтан башка нерселерге бербөөбүз керек.
Муршиди камилдер бир гана өтө сүйгөндөрүнө эмес күнөөсү болгондорго да күнөө кылып жүрүп динден узактап кетпесин деп жакындык көрсөтүшөт. Ал эми күнөөсү ал болгодорго өзүн өзү жактырып кибирленип кетпесин деп эч илтифат (мамиле) кылышпайт эле.
Ихласы арткан адамдын динге кызматы артат. Динге кызмат кылгандын ихласы артат. Ихлас менен ибадат кылбаган адам Белам-ы Баура сыяктуу муртад болуп өлөт.
Олуянын өмүр баянын окуган адамдын көңүлүнөн дүнүйөгө болгон сүйүүсү чыгат, анын ордуна Аллах сүйүүсү толуп ихласы артат.
Бир мусулман Ахли сүннөт китептерин алып, ага урмат кылып китепчеге алып барып койсо, ал китептерди үйүндө кармагандыгы үчүн Аллаху таала ал адамдын акыркы демде ыйман менен кетүүсүн насип кылат. Ар мусулманда ар убакта жанында Ахли сүннөт китеби болуусу керек! Ылайыктуу бирөө менен көрүшүп калганда бул китепти ага белек кылып, анын да кутулуусуна себепчи болуп калууга аракет кылуусу керек.
Пайгамбарлардан бири кичирээк бир таштан чоң суу чыккандыгын көрүп андан сурайт. Таш ага “Отуну адам жана таш болгон Тозоктун отунан сактангыла!” деген аятты окуп: “Мен бул аятты окуган күндөн бери ушинтип ыйлаймын”, – дейт. Пайгамбар дуа кылып, бул таштын Тозокко кирбөөсүн өтүнөт. Аллаху таала да анын дуасын кабыл кылат. Бир канча күн өткөн соң ошол жерге кайтып барса баягы таштан дагы эле суу чыгып жатат. Себебин сурайт. Таш: “Мурункусу корккондуктан, ал эми азыркысы шүкүр көз жашым”, – дейт. Таш дагы ыйлап турат, ал эми таш жүрөктүү адамдар өлүмдү ойлоп да коюшпайт.