АКШ Сенаты Кытайга техникалык чөйрөдө каршы туруу үчүн 250 млрд. долларлык мыйзам долбоорун жактырды

Мыйзам долбоорунун авторлору, атап айтканда, “кытай компанияларына жана технологияларына көзкарандылыкка каршы күрөшүү” үчүн өлкөдө жарым өткөргүч өндүрүшүн өнүктүрүүгө 52 млрд. доллар бөлүүнү көздөп жатышат.

Белгилей кетсек, АКШнын Сенаты техникалык жаатта Кытайга каршы туруу үчүн өлкөнүн бюджетинен 250 млрд. доллар бөлө турган мыйзам долбоорун жактырды.

Добуш берүү өткөн айда өтүшү керек болгон демилгени 68 сенатор колдоп, 32 каршы болду. Ошондой эле АКШнын президенти Жо Байден сенаторлордун бул демилгени колдоо чечимин кубаттады. Анын айтымында, мыйзам долбоору “маанилүү тармактарды өнүктүрүүгө жардам берет”.

“Бул эртеңки күндүн эң маанилүү технологияларын табууга, түзүүгө жана өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет – жасалма интеллекттен, компьютердик чиптерден тартып, акылдуу шаймандарда жана электр унааларында колдонулуучу литий батарейкаларга чейин – дал ушул жерде Америка Кошмо Штаттарында жасалышы керек”,- деди Жо Байден.
 

Мыйзам долбоорунун авторлору NASAнын, соода жана энергетика министрликтеринин өнүккөн технологиялык изилдөө жаатындагы ишине бюджеттен каражат бөлүүнү көздөп жатышат. Тактап айтканда, документте айтылгандай, 52 млрд. доллар өлкөдө жарым өткөргүч өндүрүшүн өнүктүрүүгө “кытай компанияларына жана технологияларына көз карандылыкка каршы күрөшүүгө” багытталат.

Демилге Конгресстин Өкүлдөр палатасына жөнөтүлүп жатат, ал жакта буга чейин ушундай эле мыйзам долбоору келип түшкөн, бирок бир катар айырмачылыктар бар. Эми конгрессмендер кайсы демилгени жактыраарын чечиши керек.

Комментарий жиберүү