Никол Пашинян өз уулун Азербайжандагы туткундарга алмашууну сунуштады

Армения өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Никол Пашинян Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге өз уулун бардык туткундарга алмашууга макул болду.

Белгилей кетсек, мындай сунушту Никол Пашинянга Армениянын экс-президенти Серж Саркисян берген.
Экс-президенттин айтымында, премьер-министр Азербайжанда кармалып турган 20-25 аскердин ордуна өз уулун туткунга бериши керек болчу.
Ал эми Пашинян бул эмоционалдык билдирүү эмес, расмий билдирүү экендигин баса белгилеп, Азербайжан бийлигинин расмий жообун күтүп жаткандыгын белгиледи.
Бул ортодо Кочаряндын (экс-президент) дуэль уюштуруу сунушуна жооп берип жатып, Пашинян дуэлден чекесине ок атылып калаарына ыктымал берген.
Ал эми уулун курман кылууга даяр экенин билдирген Пашинян, социалдык тармактагы баракчасына Армениядагы туткундарды кайтарып берүү шарты менен Азербайжанга барууга даяр экендигин жазган.
Анын айтымында, айрым саясий чөйрөлөр бул темада ар кандай божомолдорду айтышат, бирок мекенге кызмат кылуу адамдын жеке өзүнө караганда маанилүү.

Комментарий жиберүү