Эл аралык кылмыш соту Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча юристтин кайрылуусун каттады

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш соту Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча кайрылуусун каттаганын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бүгүн, 14-июнда, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуратурасынан биздин маалымдоо/кайрулууну (communication) каттоо жөнүндө тастыктоочу кат алдым”, – деп жазды ал.

Эске салсак,  Токтогазиева Тажикстан чектеш айылдардагы Кыргызстандын жарандарына каршы аскердик агрессия жасады деп эсептейт.

Ал 6-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны тергөө үчүн Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жолдогон.

“Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы учун тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттүм”, – деп жазган Токтогазиева.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталган. Ал күнү тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. 29-апрель күнү таңга маал ок атышуу учуру катталган.

Ошол күнү кечинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери саат 20:00дөн тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышкан.

Жаңжалдын чыгышына Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгон.

Окуяда кыргыз тараптан 189 киши жаракат алып, 36 киши каза тапкан. Жаңжал чыккан аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Тажик тарап бейрасмий түрдө 150дөн ашуун адам жаракат алып, 16га жакын адам өлгөнүн кабарлаган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *