Иранда президенттик шайлоолор башталат

Иран Ислам Республикасында эртең, 18-июнда 13-президенттик шайлоолор өтөт.

Ошентип, Иран дагы бир ири шайлоонун алдында турат. Шайлоолор ар дайым өйдө-ылдый толкундар менен коштолуп келген; ар бир шайлоолордо коомду алдыга жылдырууга мүмкүн болгон өзгөрүүлөргө  үмүттөнүүлөр бар.
Өлкөнүн 13-президенттик шайлоодо жактырылган 7 талапкер, бардык теледебаттарга катышып, бир маселе боюнча бир пикирге келишкенин көрсөттү.
Шайлоодо жеңип чыккан ар бир талапкердин планы – колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, ыкмаларды өзгөртүү. Бардык талапкерлердин программалары калктын көйгөйлөрүн азайтууга, Ирандын экономикасынын күчтүү жактарын колдонууга, аймактык жана эл аралык аренада улуттук кадыр-баркын коргоого багытталган.
Талапкерлердин дебаттарында тышкы саясий приоритеттерге жана Ислам революциясынын баалуулуктарын жана идеалдарын сактоо, башка өлкөлөр менен татыктуу мамилелерди кантип сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Бул сынакта жеңишке жетишүү татаал, айрыкча талапкерлердин пландары жана программаларында калктын жашоо тиричилиги, жумушка орноштуруу, турак-жай менен камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү камтылат.
Белгилей кетсек, өткөн шайлоолордо ушундай кырдаал түзүлдү, бирок түркүн түстүү убадаларга карабастан, ойлонулбагандыктан жана башкаруунун начардыгынан көптөгөн убадалар аткарылган жок.
Бул кырдаалдын натыйжасы инфляция, товарлардын жетишсиздиги жана экономиканын жана улуттук өндүрүштүн аялуу жагы болду.
Ирандын  2021-жылдын 18-июнь, жума күнкү шайлоосу башка нукка бурулуштун башталышы болушу мүмкүн. Экинчи жагынан, бул шайлоого катышуу деңгээли төмөн болушуна алып келиши күтүлөт.
 Ушул эки багыттын ар биринин артыкчылыктары жана кемчиликтери өтө маанилүү.
Шайлоочулардын максималдуу катышуусу, албетте, өтө маанилүү, анткени тандоо – бул элдин укугу, жана добуш берүүнүн биринчи натыйжасы – бул улуттук күчтү жана диний биримдикти чыңдоо.
 Бул укукту баалабай коюу мамлекеттин жана элдин тагдырына жана өлкөнүн саясий келечегине кайдыгерликти билдирет, бул сөзсүз түрдө узак жылдар бою терс кесепеттерге алып келет. Тажрыйба көрсөткөндөй, жеңип чыккан талапкер башынан эле прагматизмди көрсөтпөсө, анда ал өз максаттарына жете албай, убадаларын аткара албайт.
Алдын ала баамдоолорго ылайык, президенттик шайлоолорго калктын 46%ы катышмакчы. Ал эми талапкерлердин эң күчтүүсү бул ирет, Ибрахим Реиси болуп, 57% добушка чейин алуусу күтүлөт. Анткен менен, бир канча талапкерлер өз добуштарын Раисинини пайдасына берип, шайлоолордо ат салышуудан баш тартышты.
Иран элин шайлоолорго масштабдуу катышууларына чакырык жасап, өлкөнүн Руханий лидери Аятолла саид Али Хаменеи да сөз сүйлөдү.
Анын айтымында карапайым элдин өз өлкөсүнүн тагдырын чечүүчү эртеңки шайлоолорго катышуулары душмандардын көзүнө кум чачып, бир топ көйгөйлөрдү чечип, жаркын келечекти белгилейт.

Комментарий жиберүү