COVID-19: Жаңы 647 учур, дагы 7 өлүм катталды

Коронавируска каршы республикалык штабдын бүгүнкү, 16-июндагы маалыматына ылайык, өлкөдө акыркы 24 сааттын ичинде вирус жуктурган 647 учур катталды.

Акыркы бир суткада өлкө боюнча коронавирустан жети адам каза болду. Көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, экөө Ошто жана бирөө Чүйдө катталды. Өлкө боюнча жалпы бул илдеттен көз жумгандардын саны 1912 адамга жетти.
Жуктуруу учурларынын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталууда. Расмий катталган саны 111 990 адамга жетти.
Кечээ, Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялап, буга чейинки санитардык – эпидемиологиялык талаптар так сакталышы зарыл экенин баса белгилеген.

Комментарий жиберүү