АКШ президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусуна бүтүндөй дүйнө көз салып турду.
Аны Байден демилгелеп, Женевада 16-июнда өткөрүштү. Бул жолугушууда адам укугу, эки мамлекттин дипломатиялык байланыштары, Украинанын чыгышындагы жана Белорусиядагы абал, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, кибер кол салуулар, курал-жарактарды көзөмөлдөө сыяктуу бир катар маселелер каралаары алдын ала айтылган.
Булардын дээрлик баары талкууланды. Бирок эки лидердин жолугушуусу 4 саатка согулганы менен мурда сөз болуп аткан Ооганстандагы абал, Борбор Азия аймагындагы коопсуздук тууралуу көп деле кеп козголгон жок. Бул жаатта сүйлөшүүлөр жүргөн, бирок кандай маселелер чечилгени тууралуу айтылбады.
Орусияга салган АКШ менен Европанын санкцияларынан Борбор Азия пайда көрөбү?
Эки лидер козгогон негизги маселелер Борбор Азиядан алыс болду. Ооганстандагы аймактык коопсуздук тууралуу учкай айтылганы менен бул жактагы өлкөлөр үчүн чечкиндүү эч кандай маселе козголгон жок.
Буга чейин АКШ менен Европа Биримдиги Орусияга каршы бир катар экономикалык санцияларды киргизген. Муну эки тараптуу караса болот. Тактап айтканда, санциялардан жабыркаган Орусиянын фонунда Борбор Азия мамлекеттери да мындан зыян тартканы менен бир жагынан пайда да көрөт.
Мисалы, Батыш өлкөлөрү Орусиянын товарларын албай койгон учурда, алар Кытайга сатышы мүмкүн. Андан сырткары, Монголия, Казакстан жана Борбор Азия мамлекеттерине жөнөтүшү ыктымал. Демек бул жерде кайсы бир товарлар арзаныраак болушу мүмкүн, же жок дегенде тартыштык жаралбайт. Булар пайдалуу жагы деп, ал эми зыяны катары – башка факторлорду атаса болот.
Санциялардын кесепетинен АКШ менен Батышта өндүрүлгөн товарлар Орусияга келбей калып, анын кесепетин Борбор Азия сыяктуу башка өлкөлөр да тартат. Орусияга жетти деген товар демек, бул анын жанындагы башка мамлекеттерге да келди дегенди билдирет. А эгер Орусияга келбесе, Борбор Азияга да жетиштүү товар келбеди десе болот. Бул албетте зыян жактары.
Негизинен Орусия рыногун өзгөртө баштаган. Ал – жогоруда айткандай, Борбор Азия мамлекеттери, Казакстан жана акыркы жылдары Монголгиянын базарына көбүрөөк кирүүгө да катуу аракет көрүп жатат.
Демек, Байден менен Путиндин алгачкы жолугушуусунан кийин эки мамлекеттин мамилеси оңолуп кетишине толук ишеним жаралбай калды. Анткени талкууланган маселелерде, мисалы ошол эле Украинанын чыгышындагы Крымдын айланасындагы көйгөйлөр, кибер чабуулдардагы талаштар, курал-жарактарды көзөмөлдөө сыяктуу маселелер боюнча президенттер өз пикирлеринде калышты. Ушундан улам АКШ менен анын өнөктөшү саналган Евробиримдик Орусияга карата санцияларын жумшартпайт. Демек мындан Борбор Азия мамлекеттери зыян да тартпайт, ашыкча пайда да көрбөйт.
Ооганстандан келген кооптонуу
АКШ баштаган коалициялык аскер күчтөрү 2021-жылдын 11-сентябрына чейин Ооганстандын аймагынан толук чыгарылып кетет. 1-майдан баштап азыркыга чейин аскерлердин жарымына жакыны чыгарылганы маалым болду. Демек аймакта кооптонуу эмитен эле күч алды. Анткени Талибан кыймылы согуштук аракетин күчөтүп, өлкөдөгү расмий бийликтин көзөмөлүндө турган бир катар райондорду ээлеп алды.
АКШ Ооганстандан биротоло чыгып кетүүнү убада кылганы менен чөлкөмдөн толугу менен кетүүнү көздөбөйт. Региондогу күчтөрдүн тең салмагы, өзүнүн таасири үчүн алар Ооганстандан алыс эмес, башка бир өлкө менен сүйлөшүп, базаларын жайгаштырууга кызыкдар экени айтылып жаткан. Ошентип, Кошмо штаттары аскерлерди чыгарып, бирок Ооганстанга чектеш мамлекеттердин бирине же Борбор Азия өлкөлөрүнүн же болбосо, Перс булуңундагы мамлекеттердин бирине базасын жайгаштырышы мүмкүндүгү айтылды. Тактап айтканда, 15-апрелде америкалык “New York Times” гезити АКШнын расмий адамдары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кабарлады.
Бирок акыркы убактарда АКШ өз аскерлерин Кыргызстанга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү да каралып жатканы айтыла баштады. Бул божомол реалдуулукка да айланып кетиши толук ыктымал. Анткени буга чейин Кыргызстанда АКШнын аскер базасы жайгашып турган.
Бул божомолдун реалдуулукка айланып кетишинин бир канча себептери бар. Мисалы: Тажикстан. Бул мамлекет Ооганстан менен чектешип турат. АКШнын базасын жайгаштырса, коопсуздук жана каражат жагынан утмак. Бирок Орусия Тажикстанга АКШнын базасын жайгаштырууга уруксат бербөө ишарасын кылды. Тактап айтканда, 2021-жылдын апрель айынын аягында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара чырынан чыккан 3 күндүк ок атышуудан кийин эле Орусия президенти Владимир Путин тажик лидери Эмомали Рахмонду жалгыз чакырды. Алар экинчи дүйнөлүк согушту жеңген 9-май майрамын башка өлкөлөрдүн лидерлерисиз белгиледи. Бул аркылуу Кыргызстан менен чек ара сыяктуу жана башка маселелерде Орусия Тажикстанга колдоо көрсөтө турганын жана анын буйругусуз олуттуу кадам жасабай турушуна ишаарат берди. Муну менен Тажикстан АКШ аскерлерин киргизүүдөн да баш тартты дегенге негизделет.
Ал эми Өзбекстан. Америка каржылаган Эркин Европа-Азаттык радиосу бул маселеде бир катар фактларды таап чыкты: “Ушул жылдын 10-майында орусиялык “Спутник” агенттиги Өзбекстандын Коргоо министрлиги The Wall Street Journalындагы макалага реакция кылып, “чет өлкөлүк базалар өлкө аймагына жайгаштыра албайт”,-деп билдиргенин жазды. РИА новости агенттигине шилтеме кылып чыккан кабарга ылайык, мекеме Өзбекстандын коргонуу тармагындагы доктринасы, конституциясы, тышкы саясаттын концепциясы чет өлкөлүк базаны өз аймагына жайгаштырууга жол бербейт деп белгиледи. Бирок Спутниктин маалыматын башка булактар ырастай элек. Анын ичинде Өзбекстандын Коргоо министрлигинин сайтына да эч кандай кабар илинген жок. Аталган өлкөдө Орусиянын аскер базасы жок. Ошондой эле Москва баштаган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения кирген Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) да мүчө эмес”.
Өзбекстан Орусия негиздеген ЖККУга да, ЕЭАБге да мүчө эмес. Бирок аларды АКШ базасын киргизүүгө макулдугун бере турган фаворит өлкө катары белгилегендер бар. Бирок алар инвестициялык климатка байланыштуу да баш тартып коюшу мүмкүндүгү айтылат.
Казактан. Бул өлкө Орусияны караган менен Европага көбүрөөк ыктайт. Акыркы убактарда АКШ аскерлерин жайгаштырууну каалаган өлкөлөрдүн тизмесинде Казакстандын аты аталбай баратат. Анын ордуна Кыргызстан көбүрөөк айтылууда.
Кыргызстан АКШнын аскердик базасын кайра киргизеби?
Кыргызстан аскердик базаны киргизгенге толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ага чейин бир канча маселелерди тактап алган туура болот.
Кыргызстан АКШнын базасын жайгаштыруу үчүн көшөгө артында Кремлдин “уруксатын” алуу керектиги айтылууда. Эгерде макулдашуу ишке аша турган болсо, Кыргызстан АКШ базасын жайгаштыруу менен экономикалык эле эмес, башка дагы пайдасын көрөт дешет серепчилер.
АКШнын базасы Кыргызстанда 2001-жылдан 2009-жылга чейин жайгашып, жылына бюджетке 150 млн доллар төлөп турган. Азыр кыргыз коомчулугу эгер бийлик базаны кайра киргизип, уруксат бере турган болсо, 400 млн доллардан ашык акча талап кылыш керектигин айтышууда.
Бирок Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун бул багыттагы саясаты кандай болоору азырынча белгисиз. Путин менен Байдендин жолугушуусунан кийин алар жетектеген мамлекеттердин мамилелери толук жакшырып кетпеши көрүнгөн соң, акыры барып Москванын “уруксаты” менен базаны киргизбей коюу ыктымалдуулугу да жок эмес.
Ооган маселеси регион үчүн абдан оор. АКШ аскерин чыгарып кеткенден кийин Талибан кыймылы күчөй баштаганы белгилүү. Алар Борбор Азияга сөзсүз көйгөй жаратышы турган иш. Анын үстүнө Талибан кыймылы АКШ баштаган коалициялык аскер күчтөрүн кайсы мамлекет өз аймагына жайгаштырса, сөзсүз түрдө жооп боло турганын эскертти.
Эгер Кошмо штаттардын аскерлери чыгып кеткенден кийин Ооганстанда жарандык согуш кайра күчөп, бийликке Талибан кыймылы келип кала турган болсо, анда аймакта ансыз деле кооптонуу курчуп баратканда бул ашыкча түйшүктү алып келет. Ушуларды эске алып, Орусия туура түшүнүп койсо деле болот. Анткени Москва ооган бийлигине АКШдай колдоо көрсөтө албайт. Ошондуктан Кыргызстанга коалициялык аскер күчтөрүнүн базасын жайгаштырууга көмөк көрсөтүп койсо, аймактагы чыңала баштаган кооптонууну жеңилдетмек.
Борбор Азия күткөн жыйынтык болгон жок
Байден менен Путиндин жолугушуусунан Борбор Азия күткөн жыйынтык болгон жок. Анткени эки лидер өздөрүнө жакын болгон кызыкчылыктардагы маселелерди карашты. Тактап айтканда, Ооганстан сыяктуу башка аймактардагы көйгөйлөргө көп көңүл бурушпай, өз ара мамилени тактоого бел байлашты. Бирок алар дипломатиялык миссияларын калыбына келтирүүдөн башка эч кандай бир чечимге келишкен жок.
Үч айдай мурун Байден Путинди “киши өлтүргүч” деп сыпаттагандан кийин Орусия АКШдагы элчиси Анатолий Антоновду чакыртып алган. Андан кийин АКШнын элчиси Жон Салливанга Москва Вашингтонго кеңешмеге барууну сунуш кылып, ал да мекенине кайткан.
Эки өлкө экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дипломатияны таптакыр алып койгон мындай чекке барган эмес. Бирок ушул маселени чечүү үчүн АКШ менен Орусиянын мамилесин түздөгөн жерде жолугушуу уюштурулду.
Тактап айтканда, мындан 36 жыл мурун, 1985-жылы 19-ноябрда СССРдин Башкы катчысы Михаил Горбачев менен АКШнын ошондогу президент Рональд Рейган Женевадагы Ла Гранж вилласында (сарайында) жолугушкан. Ал жолугушуу эки державанын ортосунда дээрлик жарым кылымга созулган “Кансыз согуштун” бүтүшүнүн символу болуп калган. Ошондуктан азыркы эки лидердин кездешкен жери да, кезинде “Кансыз согуштун” аякташына себепкер болгон Ла Гранж вилласы тандалып алынганы да жөн жерден болгон жок.
Даярдаган А. Белеков.