Иран президентин шайлоо Бишкекте да өтүүдө

Бүгүн Ирандын президентин шайлоо күнү.

Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңсесинде шайлоо участогу Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дө ачылды.

Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттигинин корреспонденти жеринен билдирет.

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази, Ирандын Элчилигине каршатуу Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми жана консул Мажид Тамизифар алгачкылардан болуп добуш беришти.

Андан кийин элчиликтин кызматкерлери өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарышты.

Маалыматка караганда, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу Иран президентин шайлоого Кыргызстандагы Иран атуулдары буга чейинки шайлоолорго караганда азыраак катышышы мүмкүн экени болжолдонууда.

Агенттиктин корреспонденти билдиргендей, шайлоо участогунда бардык санитардык нормалар сакталууда.

Белгилей кетсек, президенттик кызмат үчүн 6 талапкер ат салышууда: Абдольнассер Хеммати, Мохсен Резаи, Амир Хоссейн Газизаде Хашеми жана Эбрахим Раиси.Буга чейин жети талапкер ат салышып жаткан, бирок шайлоо күнүнө аз калганда мурдагы өзөктүк маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу Саид Жалили, депутат Алиреза Закани жана мурдагы вице-президент Мохсен Мехрализаде өз талапкерлигин алып салышкан.

Комментарий жиберүү