Узак тынуугуудан соң Бишкек-Мешхед аба каттамы кайра жанданды

Эми кыргызстандыктар үчүн Иранга учуу жеңилдеди, деп билдирди Манас аэропортунун ААКтын пресс-кызматы.

Белгилей кетсек, мурдараак Кыргызстандан Иранга учууну каалаган жүргүнчүлөр Стамбул аркылуу каттам жасашкан. Бул бир топ чыгымдуу жана узагыраак убакытты талап кылаар эле.
Ал эми, Бишкек – Мешхед каттамынын узактыгы 2,5 саат. Учурда Ирандын Varesh Airlines авиакомпаниясы учууну айына бир жолу жүргүзүүнү пландап жатат.
Эске салсак, буга чейин пандемияга байланыштуу Мешхед – Бишкек – Мешхед каттамы узак тыныгууга кеткен эле.

Комментарий жиберүү