Токиодо өтүп жаткан олимпиаданын күрөш боюнча мелдештеринин үчүнчү күнү кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарованын жеңиши менен башталды.
Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова коло медалына жолдомо алуу үчүн азербайжандык атаандашын 4:1 упай менен жеңди.
Ошондой эле, Айсулуу Тыныбекова латвиялык атаандашын 8:0 упай менен утуп, 1/8 финалга чыкты.
Ал эми, Узур Жузупбеков финляндиялык атаандашына утулуп, коло медалга жолдомо алууга жетпей калган. Буга кошумча, Атабек Азизбеков бүгүнкү биринчи мелдешинде венгриялык атаандашына 6:1 упайга уттуруп, 1/4 финалга чыкпай калды.
Алдыда Акжол Махмудовдун финалдык беттеши бүгүн, 3-августта саат 15:00дө өтмөкчү.