Токио-2020 олимпиадасынын күрөш мелдештеринин үчүнчү күнү: кыздар утуп, жигиттер утулушууда

Токиодо өтүп жаткан олимпиаданын күрөш боюнча мелдештеринин үчүнчү күнү кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарованын жеңиши менен башталды.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова коло медалына жолдомо алуу үчүн азербайжандык атаандашын 4:1 упай менен жеңди.
Ошондой эле, Айсулуу Тыныбекова латвиялык атаандашын 8:0 упай менен утуп, 1/8 финалга чыкты.
Ал эми, Узур Жузупбеков финляндиялык атаандашына утулуп, коло медалга жолдомо алууга жетпей калган. Буга кошумча, Атабек Азизбеков бүгүнкү биринчи мелдешинде венгриялык атаандашына 6:1 упайга уттуруп,  1/4 финалга чыкпай калды.

Алдыда Акжол Махмудовдун финалдык беттеши бүгүн, 3-августта саат 15:00дө өтмөкчү.

Комментарий жиберүү