Курманбек Бакиев апта аягында Кыргызстанга келеби?

Социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жакынкы күндөрдө өлкөгө келери тууралуу маалыматтар таркоодо.

Социалдык тармактардын колдонуучулары бул маалымат боюнча ар кандай пикирлерин билдирип, комментарий калтырып жатышат. Айрымдары “Ак ийилет, бирок сынбайт” десе, кээ бирлери “ Ал кишинин кылгандарын кыргыз эли унута  элек” деп жазышууда.

Кыргыз бийлиги Кумтөр боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасоодо жана ага байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгон.

Кечээ, 2-августта издөөгө алынган Аскар Акаев Бишкекке жеткирилип, УКМКнын имаратында суракка алынып жатканы кабарланган.

Комментарий жиберүү