Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажибеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампалары толукталып, азык-түлүк коопсуздугу жана жетиштүүлүгү сакталып тургандыгын айтты.
Бул тууралуу ал кыргызстандыктарга жасаган видео кайрылуусунда билдирди.
Ажибеков азык-түлүк жагынан эч кандай тартыштык болбой тургандыгын айтып, кыргызстандыктарды болбогон, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.