ЕАЭБ менен Кытай көз карандысыз валюта-финансы системасын түзөт

Орусия курамына кирген Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Кытай көз карандысыз эл аралык валюта-финансы системасын түзүүнү көздөөдө.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) билдирди.

Долбоор марттын аягына чейин талкууга коюлары күтүлүүдө.

Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына караганда, бул система жаңы эл аралык валютага негизделип, уюмга мүчө өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын жана товарлардын баасына улуттук индекси катары эсептелет.

Мындай чечим ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташтыгы боюнча видеоконференциянын жыйынтыгында кабыл алынды.

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев конференцияда өлкөлөр дүйнөлүк экономиканын басаңдашына байланышкан жалпы тобокелдиктерди жана ЕАЭБ мамлекеттерине, Кытайга карата чектөө чараларын эске алуу менен биргелешкен долбоорлордо кызматташууга тийиш деп баса белгиледи.

Комментарий жиберүү