Микробиолог: АКШ Украинаны биологиялык курал жасоо полигонуна айлантты

АКШ Украинаны биологиялык согуш жүргүзүүнүн каражаттарын жана методдорун сыноонун чыныгы “суперполигонуна” айлантты. АКШ мындай иши менен биологиялык жана токсиндик куралдарды иштеп чыгууга, жасап чыгарууга жана топтоого тыюу салган конвенцияны толук бузду.

Бул тууралуу микробиолог, БУУнун биологиялык жана химиялык курал боюнча комиссиясынын мурдагы мүчөсү, аскердик эксперт Игорь Никулин “Комсомольская правда” радиосунун эфиринде билдирди.

– Жалпысынан, ооба. Украина АКШнын биологиялык изилдөөлөрүнүн полигонуна айланды. Алар көптөн бери эле өз алдынча мамлекет болбой калган. Батыштык “кураторлор” басып алган мамлекет катары алар биологиялык гана эмес, ар кандай эксперименттердин полигонуна айланган, – деди Никулин.

Бир күн мурда Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Украинанын бир катар шаарларында, атап айтканда, Харьков жана Одессада АКШнын акчасына жана америкалыктардын жетекчилиги астында өтө кооптуу вирустар, атап айтканда чума жана сибирь күйдүргүсү менен иш жүргүзүлүп жатканын тастыкташкан.

Эске салсак, 10-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинада жайгашкан АКШнын биологиялык лабораториялары ал жерде жашыруун болгонун билдирген.

Комментарий жиберүү