Стамбул ажайып кооздугу, өзгөчө атмосферасы жана тарыхый жерлеринин көптүгү менен барган адамды өзүнө тартып турат. Бул шаар мусулмандар тарабынан багындырыла тургандыгы сүйүктүү пайгамбарыбыз ﷺ тарабынан 14 кылым мурун убадаланган. Стамбулда бир гана мусулмандар үчүн эмес, жалпы адамзат үчүн ыйык эсептелген Айя-София мечити жайгашкан. Айя-София толлеранттулуктун, конфессиялар ортосундагы ынтымактын үлгүсү десек да жаңылышпайбыз.
Айя-София – христиандардын алгачкы чиркөөсү. 1520-жылы Севилья Катедралы курулганга чейин 1000 жыл бою христиан дүйнөсүндөгү эң чоң чиркөө болгон. Ошондуктан христиандар үчүн бул жай ыйык эсептелинет. Ал эми мусулмандар үчүн Айя-Софиянын орду кандай? Эмне себептен бул мечит талаш-тартышта болуп келет? Алдыда бул суроолорго жооп таба аласыз.
АЙЯ-СОФИЯНЫН ТАРЫХЫ
Айя-Софияны куруу иштери Рим императору Константин I тарабынан башталган. Ошол кезде “Улуу чиркөө” аты менен белгилүү базилика түрүндөгү, жыгач чатырлуу курулуш 360-жылы Константин IIнин убагында ачылган. Бирок бул имарат төңкөрүш убагында өрттөлүп, көпчүлүк бөлүгү сакталып калган эмес. 415-жылы Айя-Софиянын экинчи курушулун император Феодосий II жүргүзүп, чиркөө сыйынууга ачылган. Тилекке каршы, бул жолу да шаардагы көтөрүлүштөн улам имарат жабыркап, талкаланган.
Император Юстиниан көтөрүлүштөн кийин Айя-Софияны кооз жана чоң кылып курууну чечкен. Үчүнчү Айя-Софияны Юстиниан 5 жыл ичинде бүтүргөн. Айя-София Византия империясындагы эң чоң чиркөө эсептелип, императорлордун тактыга келүү процесси ушул жерде орун алган.
Айя-София көтөрүлүш, согуш, табигый кырсыктардын айынан көп ирет талкаланган. Айрыкча, 1204-жылы кресттүлөрдүн 4-жүрүшүндө катуу жабыркагандыктан, Айя-Софияны сактап калуу үчүн ремонт иштери жүргүзүлгөн. Бирок ага карабай, 1346-жылы чыгыш арка жана имараттын куполу урап калган.
Латын басып алууларынан кийин Айя-София өз тарыхында оор мезгилдерди өткөргөн. Согуш, басып алуулардан жана арихитектуралык катачылыктардан улам имарат көп ирет талкаланган. Ал эми Фатих Султан Мехмед шаарды алгандан соң, Айя-Софиянын жаңы алтын доору башталган.
АЙЯ-СОФИЯ ЖАНА ФАТИХ СУЛТАН МЕХМЕД II
Аллахтын элчиси ﷺ өз хадисинде Византия империясы мусулмандар тарабынан багындырыла тургандыгын сүйүнчүлөгөн:“Константинополь сөзсүз багындырылат. Аны багындырган кол башчы кандай бактылуу, кошуун кандай бактылуу”.Сүйүктүү пайгамбарыбыздын ﷺ ушул алкоосуна татыган эң бактылуу инсан султан Мехмед II болду.
Фатих султан Мехмед хан 1453-жылы Константинополду алгандан кийин храмдын алтарына желекти орнотуп, алгач Айя-Софияда азан айткан. Аллах Таалага ыраазычылык билдирип, бул жерде 2 рекет намаз окуган. Бул аракет менен султан Айя-София эми мечитке айлангандыгын көрсөткөн.
Мурдагы Византиянын борбору Константинополдун мусулмандардын колуна өтүшү жалпы адамзат үчүн чоң мааниге ээ болгон. Бул жерде тынчтык орноп, аймак гүлдөгөн. Фатих Султан Мехмед жакырчылык каптаган шаарды өнүктүрүүгө болгон күчүн жумшап, анын ичинде Айя-Софияны оңдоп-түзөө үчүн көп каражат бөлгөн. Мечиттин жанына медресе курулуп, жыгач минарет тургузулган. Бирок султан Мехмед II Айя-Софиянын ичиндеги христиан баалуулуктары эсептелген: мозаикаларды, сүрөттөрдү сактоону буйруган. Аларды бүгүн да көрүүгө болот.
Айя-София мусулмандар үчүн Константинополду басып алуунун белгиси эле. Ошондуктан ага өзгөчө маани берилип, Осмон империясынын ар бир султаны имаратты жакшыртуу үчүн аракет кылган. Комплекс дагы да кеңейтилип, медресе, михраб, китепкана, фонтандар курулган. Каллиграфиялык жазуулар менен кооздолгон.
АЙЯ-СОФИЯ ИШЕНИМДҮҮ АРХИТЕКТОРДУН КОЛУНДА
Айя-Софиянын куполу чоң көлөмдө болгондуктан жана математикалык каталардан улам жер титирөөлөргө туруштук бере албай, бир нече ирет купол зыян тартып, оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп турган.
Султан Селим IIнин (1566-1574) тушунда дүйнөдөгү биринчи жер титирөө боюнча инженерлердин бири катары эсептелген Осмон империясынын башкы архитектору Мимар Синан тарабынан кошумчаланган тышкы таяныч конструкциялары менен кубатталып, курулуш абдан бекемделген.
Синан бул таяныч конструкцияларын, ошондой эле куполду көтөргөн тирөөчтөр жана каптал дубалдардын ортосундагы боштуктарга аркаларды куруу менен куполду дагы да бекемдеген. Мимар Синандын эмгеги аркылуу Айя-София ушу күнгө чейин сакталып келди.
“АЙЯ-СОФИЯ” ДЕГЕН ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?
Айя-София биринчи жолу курулганда, ага “Megale Ekklesia” (“Улуу чиркөө”) деген аталыш берилген. Бирок 5-кылымдан баштап, чиркөө “Hagia Sophia” деп атала баштаган. 1453-жылы Фатих Мехмет басып алгандан кийин чиркөөнүн аты бүгүнкүгө чейин колдонулуп келе жаткан “Айя-София” ысымына өзгөртүлгөн. Имараттын аты кайдан келгендиги тууралуу пикирлер көп. София аттуу олуя аялдан келип чыккан деген бир версия бар. Айрым булактардын айтымында, «Айя» сөзү – «ыйык, олуя», ал эми «софия» байыркы гректин «даанышмандык» дегенди билдирген “sophos” сөзүнөн келип чыккандыгы айтылат.
АЙЯ-СОФИЯНЫН УЧУРДАГЫ СТАТУСУ
Осмон империясы кулагандан кийин 1935-жылы Кемал Ататүрк тарабынан Айя-София музейге айландырылган. Бул “Кайра куруу адамзат үчүн билим булагы болот” деген жүйөө менен ишке ашкан. Мындан көп өтпөй, Мустафа Кемал өкмөт жыйынында “Ататүрк” наамына ээ болгон.
1985-жылы Айя-София ЮНЕСКОНУН дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.
Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган 2020-жылы Айя-Софияга кайрадан мечит статусун алып берди. 86 жылдык тыныгуудан кийин Айя-Софияда азан жаңырып, ибадат кылуу үчүн мусулмандарга өз эшигин ачты. Мындай жаңылык дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды кубанычка бөлөдү.