Раби́ Ас-Са́ни айы кирди. Бул айда кандай окуялар орун алган?

Раби́ Ас-Са́ни (Раби́-уль-Ахир – ربيع الآخر‎‎) – Ислам календары боюнча 4-ай.“Сани” – экинчи, ал эми “раби” – жаз. Ошентип, эки сөздү бириктиргенде “экинчи жаз” дегенди билдирет.

Раби Ас-Сани айында жалпы Ислам дүйнөсү үчүн бир катар маанилүү окуялар болгон. Алардын негизгилерине токтолобуз.

ИЕРУСАЛИМДИН БОШОТУЛУШУ (ХИТТИН САЛГЫЛАШЫ)

Хижранын 583-жылы Раби ас-Сани айынын 19-күнүндө (1187-жылы 4-июлда) мусулмандар үчүн өтө маанилүү окуялардын бири Хиттиндеги салгылаш орун алган. Бул күнү Салахуддиндин башчылыгындагы мусулман аскерлери Палестинадагы Хиттин деген айылда кресттүүлөрдү жеңген.

Бул салгылашта душман аскерлери мусулмандардыкынан 3 эсе көп эле (мусулман аскерлери – 20 миң, кресттүүлөр – 63 миң). Буга карабастан, мусулмандар жеңишке жетишкен. Кресттүүлөр каратып алган Аль-Куддус (Иерусалим) жана башка аймактар бошотулган. Хиттин салгылашындагы жеңиштин жыйынтыгында мусулмандар Палестинаны 400 жылдан ашык убакыттан соң кайра кайтарып алышкан.

ХОМС ШААРЫН КАРАТУУ

Хижранын 15-жылы Раби́-ус-Са́ни айында улуу кол башчы Абу Убайда ибн Аль-Жаррах Хомс шаарын караткан. Бул окуянын өзгөчөлүгү: ал шаар тургундарына кайрылуу жазып, анда алардын жашоо жана мал-мүлкүнүн коопсуздугун коргооруна сөз берген.

ВАВИЛОН ЧЕБИНИН УРАШЫ

Хижраны 20-жылы Раби́-ус-Са́ни айында сахаба, улуу аскер башчы Амр ибн аль-Астын жетекчилиги астында 7 ай бою курчоого алынган Египеттеги Вавилон чеби ураган. Бул заманбап Египеттин аймагына Исламды таратуу үчүн алгачкы кадамдардан болгон.

БУЛ АЙДА КАЙСЫ ДУБАНЫ ОКУУ КЕРЕК?

سبحان الله ملء الميزان و منتهى العلم و مبلغ

الرضىء و زنة العرش

Окулушу: “Субханаллахи мил’ал-мизани ва мунтахал ьилми ва маблагар-рида’и ва зинатал-ьАрши”

Мааниси: “Бардык нерселерден Аруу жана бардык кемчиликтерден Улук Затка асмандардагы Арштын салмагынчалык мактоолорду таразалар толгонго чейин, бардык илимдер түгөнгөнгө чейин жана Сенин ыраазылыгыңа жеткенибизге чейин айта беребиз!”

Комментарий жиберүү