Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы маалымдады.
Уюмга мүчө-мамлекеттер — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
— Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы;
— «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна» өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;
— «Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси» жөнүндө чечим;
— «Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы» жөнүндө чечим;
— «Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо» жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу жөнүндө;
— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу жөнүндө;
— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.
Белгилей кетсек, кечээ, 10-ноябрда башталган Самарканддагы саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштап барган делегация катышууда.