ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага барды. Израилдин реакциясы 

Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Абу Марзук жетектеген кыймылдын делегация мүчөлөрү Москвага келишти. Бул тууралуу РИА Новости булактарга таянуу менен билдирди.

Кийинчирээк Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова брифинг учурунда ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Москвага келшикенин тастыктап, байланыштар боюнча кошумча маалыматтар берилерин белгиледи.

“Аны (Абу Марзук — ред.) менен Россиянын линиясы боюнча Газа секторунда кармалып турган чет элдик туткундарды тез арада бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле Палестина анклавынан Россиянын жана башка мамлекеттердин жарандарын эвакуациялоого байланышкан маселелер талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, Россия Палестина боюнча эл аралык коомчулуктун чечимдерин аткарууну колдоо боюнча позициясы өзгөрбөгөнүн тастыктаган.

ХАМАС өз кезегинде тараптар «Батыш колдогон Израилдин кылмыштарын» токтотуунун жолдорун да талкуулашкан.

«ХАМАСтын делегациясы Россия президенти Владимир Путиндин позициясын жана россиялык дипломатиянын активдүү аракеттерин жогору баалады», — деп кошомчалады ХАМАС.

Израилдин реакциясы 

Израилдин Тышкы иштер министрлиги ХАМАС кыймылынын делегациясынын Москвага чакырылышын “татыксыз кадам” деп атап, орус тараптан исламчыл кыймылдын өкүлдөрүн өлкөдөн тез арада чыгарууну талап кылды.

«Израиль ХАМАСтын лидерлерин Москвага чакырууну татыксыз кадам катары баалайт. Биз орус өкмөтүн ХАМАСтын террорчуларын дароо чыгарууга чакырабыз», — деп айтылат Израиль ТИМинин билдирүүсүндө.

Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов да Катарга болгон сапарынын алкагында ХАМАСтын саясий жетекчилиги менен жолукканын билдирген. Анын айтымында, ал кыймылдын өкүлдөрү менен барымтадагылар маселесин талкуулаган.

Россия ХАМАС менен байланыштан тышкары Палестина мамлекети менен түз диалогду улантууда.

Богданов Палестинанын Императордук православ коомунда сөз сүйлөп жатып Палестинанын президенти Махмуд Аббас жакында сапары менен Россияга барып, президент Владимир Путин менен жолуга турганын билдирген.

«Жакында ал (Аббас — ред.) Москвага расмий иш сапары менен келет, Владимир Владимирович (Пути — ред.) менен сүйлөшүүлөр болот деп айта алам», — деген министрдин орун басары.

Комментарий жиберүү