Борбор Азия өлкөлөрү сууну кантип бөлүштү?

Трансчегаралык дарыялар аларга куйган агымдын азайгандыгынан улам  каалагандай сууну бере албайт

Борбор Азия жыл сайын Амударья жана Сырдарья бассейндеринен сугат үчүн 60 млрд кубометрден ашык сууну колдонот. Бул Нурек суу сактагычынын долбоордук сыйымдуулугунан 6 эсе чоң.

Бирок акыркы жылдары иш жүзүндө суу кампалардын өлчөмүнүн болжолдуу 70-80%ы пайдаланылат. Себеби трансчегаралык дарыялар аларга куйган агымдын азайгандыгынан улам каалагандай сууну бере албайт.

Кар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы

Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын (МКСК) алкагында адатта бир жылда эки жолу – жазында жана күзүндө аймактагы эки ири дарыялар – Амударья жана Сырдарьянын бассейндеринен суу алуунун өлчөмүн бекитүү үчүн чогулушат.

Сугат маалында (жайында) сугаруу үчүн Амударьянын 56 млрд кубометрге жакын суусу алынат. Анын ичинен сугат маалынан тышкаркы учурда – октябрдан апрелге чейин – 15,7 млрд кубометр суу алынат.
Сырдарьядан сугат маалынын аралыгындагы суунун өлчөмү 2023-2024-жылдары 4,24 млрд кубометрди түзөт.

БА өлкөлөрү дагы бир ирет суунун өлчөмүн тактап, МКСКнын жакынкы айларда Казакстанда боло турган кезектеги 86-жыйынында тиешелүү тактоолорду киргизмекчи.

Баардыгы трансчегаралык дарыяларга канча көлөмдө суу келгендигине байланыштуу. Быйылкы кыш аймакта бир кылка болгон жок, эгер кыштын башталышында аба ырайы жылуу болсо, февралдын аягында жамгырлуу жана карлуу болду. Бул тоолордогу кардын топтолушуна шарт түзүп, жайында дарыялар суу сактагычтарды толтуруп, өз кезегинде алар эгин талааларына суу берет.

Ошондуктан адистер айткандай, быйылкы агрардык мезгилде көйгөй жаралбаш керек.

Өткөн жылы сууну кандай колдонушкан?

Өткөн жылы эки дарыя – Амударья жана Сырдарья бассейндеринин суу кампасынын сугат үчүн жалпы чектөөсү 51 млрд 572,6 млн кубометр деп бекитилген. Андан Амударьядан алына турган суунун көлөмү 39 млрд 677,6 млн кубометр, ал эми Сырдарьядан – 11 млрд 895 млн кубометрди түзөт.

Бирок иш жүзүндө Борбор Азия өлкөлөрү 2023-жылы 42 млрд 997,1 млн кубометрди же бөлүнгөн чектөөнүн 83,37%ын пайдаланышкан. Амударьядагы суунун көлөмү 33,2 млрд, Сырдарьяныкы – 9,807 млрд кубометр болгон.

Маселенин баардыгы үнөмдөөдө эмес.
2023-жылы сугат маалында Амударьядагы бассейндин иш жүзүндөгү суунун көлөмү нормадан 93,1 %ды түзгөн. Бирок эгер апрель-майда бул өлчөм 68-86%дын тегерегинде болсо, июндун экинчи он күндүгүнөн баштап ал 115%га чейин көтөрүлүп, нормадан ашкан.

Бул сезондун аягында суу сактагычтарда суунун пландаштырылган көлөмүн топтоого мүмкүнчүлүк жаратып, бирок төмөнкү агымда жайгашкан өлкөлөр үчүн сугат маалынын башында терс жагдайды жаратты.

Февралдын экинчи ок күндүгүндө Амударьянын агымы 722 млн кубометрди түздү, бул божомолдон 50 млн кубометрге аз. Нурек суу сактагычына суунун агып кириши божомолдон 24 кубометрге аз болуп, өз кезегинде суу сактагычтан сууну агызуу да азайган.

Бул мезгилде Нуректеги суунун көлөмү 7,1 млрд кубометрди түзүп, бул суу сактагычка бата турган көлөмдөн 3 млрд кубометрге аз болуп саналат.

Амударья бассейнинен Тажикстан сууну өз чектөөсүнүн 97,5%ын (6,96 млрд.ддын ордуна 6 млрд 781,9 млн кубометр) пайдаланган.

Түркмөнстан – 90,1% (15.5 млрддан 13 млрд 969 млн)
Өзбекстан – 72,2% (16 млрд.ддан 12,4 млрд)
Сырдарьянын иш жүзүндөгү агымы нормадан 20-23%га аз болгон.
Бул бассейнден сууну Тажикстан 75,38% (чектөө – 1,9 млрд кубометр. Иш жүзүндө – 1 млрд 436 млн.)
Казакстан – 80,43% (чектөө – 920 млн кубометр, иш жүзүндө – 704 млн)
Кыргызстан – 69,63% (чектөө – 270 млн кубометр, иш жүзүндө – 188 млн)
Өзбекстан – 85% (чектөө – 8,8 млрд кубометр, иш жүзүндө – 7,48 млрд)

2023-жылы ноябрда Ташкентте БА мамлекеттеринин Суу чарба комиссиясынын мамлекеттер аралык координациялык комиссиясынын 85-жыйынында 2023-2024-жылдардагы сууну сугат маалында бөлүштүрүүнүн чектөөсүн макулдашышкан.

Ал чектөөгө ылайык, сугат аралык мезгилдеги (2023-жылдын 1-октябрынан баштап 2024-жылдын 1-апрелине чейин) Амударьядан төмөндөгүдөй өлчөмдө суу берилиш керек:

Тажикстан – 2,87 млрд кубометр
Түркмөнстан – 6,5 млрд кубометр
Өзбекстан – 6 млрд кубометрге жакын

Сырдарьядан:
Тажикстан – 365 млн кубометр суу
Казакстан – 487 млн кубометр суу
Кыргызстан – 47 млн кубометр суу
Өзбекстан – 3,3 млрд кубометр суу

Суу бекер эле жоголууда

Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери, гидроэнергетика жана экология институтунун профессору Яраш Пулатовдун маалыматы боюнча, Тажикстандын суу куймаларынын өлчөмү ар кайсы мезгилде жана жылдары өзгөрүп турат – мындай айырмачылыктар орто бийиктиктен аз жана көп болушу мүмкүн.

Дарыялардагы суунун көп болушу көптөгөн жагдайларга көз каранды жана анын эң негизгиси аба ырайынын жогорулоосу, мөңгүлөрдүн эришинин ылдамдыгы, кар, жаан жаашы жана башкалар болуп саналат.

Анткен менен аймактын калкы өтө тездик менен көбөйүп жатат жана 2023-жылы Амударьядан өз үлүшүн – 120 миллионго чейин талап кылган Афганистанды кошкондо 80 миллионго жетип калды.

Ачык маалыматтарга ылайык, аймактагы сугат жерлердин аянты XX кылымдын башындагы 2,2 миллион гектардан бүгүнкү күнгө карата 10,5 миллион гектарга жетти. Эгер буга Афганистандагы сугат аянттарды кошсо. Анда бул көрсөткүч бул көрсөткүч 14 млн. гектарга жетет.

Көрүлгөн чараларга карабастан, айыл чарбасында сууну үнөмсүз колдонуу негизги көйгөйлөрдүн бири болуп калууда. Амударья жана Сырдарьядан алынган суу чектөөгө ылайык болгону 40% пайдаланылып, ал эми 60%ы бөөдө чыгымга учурайт.

Ошондуктан кезектеги сууну бөлүштүрүүдө жаңы жагдайды да эске алуу зарыл – Амударьядан суу алууну пландаштырып, Афганистан Куштепа каналын курууда, айрым маалыматтар боюнча, 10 млрд кубометр суу. Бул ансыз деле төмөнкү агымдагы Өзбекстан жана Түркмөнстандагы ансыз деле сугат суунун тартыштыгын ого бетер татаалдаштырат.

Комментарий жиберүү