Газада курмандыктардын саны 30 миңден ашты – көбү балдар жана аялдар

Газа тилкесинде каза болгон палестиналыктардын саны 30 миңден ашты, 70 миңден ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Х социалдык тармагында билдирди.

“Газада каза болгондордун саны 30 миңден ашты, алардын басымдуу көпчүлүгү аялдар жана балдар. 70 миңден ашуун палестиналык жараат алды”, – деп жазды ал.

Гебрейесус бул коркунучтуу зомбулук жана азап токтошу керектигин айтып, ок атышууну токтотуу зарыл экендигин баса белгиледи.

Израиль-палестина жаңжалы. Газадагы кырдаал

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал былтыр 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жаракат алганын билдирген. Израиль чабуулга жооп кылып Газада «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет. Бул анклавда гуманитардык кризиске алып келди.

11-февралдан 12-февралга караган түнү Израиль Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуул жасап, кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгон. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат. Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган.

Израиль Рафахта кургактагы операцияны жакында баштоону убада кылууда. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху палестиналык ХАМАС кыймылы менен барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашууга жетишсе, Израиль Рафах шаарындагы операциянын убактысын өзгөртөт деп билдирди. Ошону менен бирге ал операция болбой койбостугун белгиледи.

Эл аралык коомчулук бул шаарда аскердик операция катастрофалык кесепеттерге алып келерин эскертүүдө.

Кандуу кыргын

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Адам укуктары боюнча кеңешинин 55-сессиясында Израиль Газада жана Батыш жээкте көптөгөн согуш кылмыштарын жасаганын, кырдаал кандуу кыргынды көрсөтүп турганын билдирди.

“Акыркы беш айда башкармалык Израилдин күчтөрү тарабынан аскер кылмыштарына барабар болгон көптөгөн окуяларды, ошондой эле израилдик күчтөр эл аралык гуманитардык укукту бузган чабуулдарды жасагандыгын каттады. Бул кандуукыргын”, – деди ал.

Тюрк Газадагы карапайым калктын, анын ичинде БУУнун кызматкерлери менен журналисттеринин өлүмүнүн болуп көрбөгөндөй деңгээли, гуманитардык жардамды чектөөнүн натыйжасында пайда болгон гуманитардык кризис, калктын кеминде 75%ын кайра-кайра көчүрүү, ооруканалардын жана башка жарандык инфраструктуралардын массалык түрдө талкаланышы жана бүтүндөй кварталдардын «системалык түрдө бузулушу» Газаны «негизинен жашоого жараксыз» кылганын белгиледи.

Комментарий жиберүү