Иранда эки маанилүү шайлоо өтүп жатат

Иранда парламенттик (Межлис) шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоо менен кошо эле Эксперттер кеңешинин мүчөлөрү (дин өкүлдөрүнөн турган парламенттеги орган) да шайланмакчы.

Ирандын улуттук шайлоо штабынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары өлкө боюнча бардык провинцияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн баштап иштей баштады. Участкалар жергиликтүү убакыт боюнча 18:00гө чейин ачык болот.

Добуш берүүгө өлкөнүн 87 миллион жаранынын 61 миллиондон ашыгы  укуктуу.

Быйыл Межлиске шайлоого 15 миңге жакын талапкерге, Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүн шайлоого 144 талапкерге катышууга уруксат берилген.

Өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өз добушун Тегеран шаарында берди. Андан соң ал сөз сүйлөп, Иранда өтүп жаткан парламенттик жана Эксперттер кеңешинин шайлоосуна бүт дүйнө көз салып турганын айтып, ирандыктарды шайлоого жигердүү катышууга чакырды.

Эртеден баштап эл шайлоого жигердүү катышып, добуштарын берип кетип жатышат.

 

1 of 8

-+

Өлкө президенти Ибрахим Раиси дагы өз добушун берди. Добуш берүүдөн кийин билдирүү жасаган Раиси бул шайлоо улуттук биримдиктин символу жана улуттук майрам экенин айтты.

Ал элдин добушу чечүүчү ролду ойной турганын баса белгиледи.

Межлис — бир палатадан турган парламент. Анын курамында 290 депутат бар, эл тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланышат.

Эксперттер кеңешин — 88 адамдан турган Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүн сегиз жылдык мөөнөткө эл шайлайт.

Добуш берүүнүн коопсуздугун 250 миңге жакын аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыз кылууда.

Комментарий жиберүү