С. Шойгу: Афганистандагы “ИМ” согушкерлеринин саны бир жылда 15%га көбөйдү

Россиянын коргоо министри маңзатты өндүрүүнүн дээрлик 20%га өсүүсү жана аны Борбор Азия республикалары аркылуу ташуу күч алуусу мүмкүн экендигин билдирди. 

РФнын Коргоо министрлигинин коллегиясында сүйлөгөн сөзүндө министр Шойгу Борбор Азия стратегиялык багытында аскердик коопсуздукту камсыз кылуу маселеси боюнча айтты.

«Аймактагы кырдаал татаал бойдон калууда. Көбүрөөк коркунуч мурдагыдай эле Афганистандын аймагынан болууда.  Өткөн жылы Ислам мамлекетинин согушкерлеринин саны 15%га көбөйдү. Алардын негизги максаты ЖККУнун түштүк  чек араларында радикалдуу идеологияны жана диверсиялык ишмердүүлүктү жайылтуу болуп саналат», — деди Сергей Шойгу.

Муну менен катар эле Коргоо министринин сөзү боюнча, маңзатты өндүрүү 20%га жогорулоосу жана тиешелүү түрдө Борбор Азия республикалары аркылуу маңзат ташуунун өсүүсү күтүлүүдө.

Мындан тышкары аймакта 16 миңден жогору өкүлчүлүктөрү жана филиалдары бар 100дөн ашык батышчыл өкмөттүк эмес уюмдар ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

«Бул ӨЭУлар атайын аскердик операцияга жамынып алышып, Борбор Азия мамлекеттеринин Россия Федерациясы менен аскердик-техникалык, экономикалык жана маданий кызматташтыгын азайтуу максатында өздөрүнүн антироссиялык ишмердүүлүгүн бир топ  күчөтүштү. Биз аларга тиешелүү мүнөздөгү жоопторду беришибиз керек», — деп билдирди аскер ведомствосунун жетекчиси.

Комментарий жиберүү