“Мусулман айым” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сүрөт

“Ак Багыт” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюшулган “Мусулман айым” кароо-сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чаранын демөөрчүсү Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Маданий өкүлчүлүгү болду.

Онлайн кароо-сынак 2 багыт боюнча жүргүзүлдү:

Мусулман айымдын кийими сиздин жашооңузда;

  • мусулман айымдын үй-бүлөөдөгү милдеттери.

Катышуучулар видео форматта 1-2 минуттук видео менен интернет желесине, өз баракчаларына жарыялоосу керек болгон. Бул сынак 1 ай мурун жарыяланып 20-февралга чейин созулуп, жыйынтык чыккан.

Кароо-сынактын катышуучуларын сыйлоо аземи борбор калаадагы “Ыйман” мечитинде өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

1- орун 500$
2- орун 300$
3- орун 200$

Иш-чарага “Ак Багыт” коомдук фондунун жетекчиси Гүлнура Асанова, Муфтияттын өкүлдөрү жана Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани катышты.

Комментарий жиберүү