Президент Садыр Жапаров Рахим Ага Хан Ханзааданы кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-мартта, Рахим Ага Хан Ханзааданы кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Андагы билдирүүгө ылайык, Кыргыз Республикасы менен Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын (АКДН) ортосундагы, тактап айтканда билим берүү, экология жана жашыл экономика чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Ханзаада Ага Хан IVнүн эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын тоолуу аймактарында калктын аярлуу катмарынын жашоо шарттарын жакшыртууга кошкон зор салымын жогору бааларын айтты. Ал ошондой эле Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Афганистандын жаштарына сапаттуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин ишмердүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

 

2 of 5

-+

Президент экология тармагында, өзгөчө климаттын өзгөрүү шарттарында, ошондой эле жашыл жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүдө кызматташуунун маанисин баса белгилеп, АКДНди климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине каршы турууда жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

Өз кезегинде Рахим Ага Хан Ханзаада Ага Хан өнүктүрүү уюмунун иши 2001-жылы Кыргызстанда башталгандан бери жетишилген биргелешкен ийгиликтерге токтолуп, Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана Кыргызстандын улуттук артыкчылыктарына шайкеш келген институттарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул процессте жардам берүүгө даяр экендигин айтты. Рахим Ага Хан ошондой эле Кыргызстандын экономика жана тышкы саясат өңдүү тармактардагы жетишкендиктерин белгилеп, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелеринде кыргыз өкмөтүнүн көрөгөчтүгүн таануусун билдирди.

Аягында тараптар Кыргызстан менен Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын мындан аркы жемиштүү кызматташтыгына жана жарандардын жашоосун жакшыртуу, өлкөнү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү максаттарга жетүүсүнө ишеним билдиришти.

Тажикстанда Ага Хан Фондунун мүлктөрү улутташтырылууда

Белгилей кетүүчү жагдай, Тажикстандын бийлиги акыркы жылдары Ага Хан фондунун мүлктөрүн улутташтыруу кампаниясын жүргүзүүдө. Атап айтканда исмаилиттердин лидери тарабынан каржыланган ар кандай активдер, мектеп, клиника, отелдер мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун (ТБАО) борбору Хорог шаарындагы лицейдин ишмердүүлүгүн токтотулушу Ага Хан фонду үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Өлкө бийлигинин бул кадамы аймактагы билим берүү тармагына да чоң сокку жасады. Себеби Ага Хан лицейи англис тилинде билим бергендиги менен белгилүү эле.

Ага Хан өнүктүрүү фонду Тажикстан эгемендүү өлкө катары таанылгандан тартып билим берүү жана саламаттык сактоо тармагына жигердүү колдоо көрсөтүп келген. Бул багыттагы чоң жетишкендик катары Хорогдогу англис тилинде билим берген Борбор Азия Университетин атаса болот.

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусундагы Ага Хан өнүктүрүү фонду тарабынан курулган билим берүү, медицина тармактарынан тышкары Хорогдогу Серена отелин, Биринчи микрокаржылоо банкын жана Тоолуу жамааттарды өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү программасын да  улутташтырып, мүлкүн конфискация кылган. ТБАОнун прокуратурасы Хорогдогу Ага Хан медициналык борборун улутташтыруу боюнча сотко арыз берген.

Бул кампаниянын кесепети аймактын жашоочуларына өз залалын тийгизип, Хоргдун 300гө жакын жашоочулары жумушсуз калышып, ансыз деле өп-чап абалда жашаган бадахшандыктардын турмушун ого бетер оорлотуп койду.

Тажик бийлиги Ага Хан Фондунун Тоолуу Бадахшанды Тажикстандан бөлүп, өзүнчө мамлекет түзүү аракетине жана 2021-жылдагы нааразычылыктарга тиешеси бар деп эсептейт.

Комментарий жиберүү